Жастин Тимберлейк сүйүктүүсү Жессика Биллге баш кошту. Үлпөт той Вайоминг штатында тар чөйрөдө эки жаштын жакындарынын катышуусунда болуп өткөн. Жашыруун үйлөнгөн Жастиндин тоюн папараццичилер кантип өткөрүп жибергени таң калтырбай койгон жок. Жастин менен Жессика 2008-жылдан бери кыз-жигит болуп келишет. 2011-жылы экөө мамилелерине чекит койгон эле. Бирок кайра табышып, минтип жаш үй-бүлөлөрдүн катарын толуктап отурушат.