Бул жылы “Дүйнө сулуусу” сынагы Кытайда өтүп, жеңишти өздөрүнө алып калышты. 116 катышуучунун ичинен биринчиликке суурулуп чыккан 23 жаштагы кытайлык пери Ю Венься «Дүйнө сулуусу-2012» сынагынын жеңүүчүсү аталды. Ал эми экинчи орунду англиялык Софи Элизабет Моулдс, 3-орунду австралиялык Жессика Мишель Кахавати аттуу сулуулар багынтышты. Эске салсак, Кыргызстандан аталган сынакка Диана Овганова аттуу кызыбыз катышмак. Тилекке каршы, демөөрчү таппай сынакка барбай калган.