ТАСМАДАН УЛАНГАН СҮЙҮҮ РОМАНДАРЫ

Кинодогу ролдон кийин чыныгы жашоодо да тасмадагы сүйүү мамилелерин улаган актёр, актрисаларды кездештирип жүрөбүз. Айрымдар кинонун, сериалдын популярдуулугун арттыруу үчүн ушундай кадамга барышса, кээ бирлер чындап эле тартуу учурунда чогуу жүрүп өнөктөшүнө ысык сезими ойгонгондор.

ТОЙГО ДАЯРДЫК КӨРГӨН ТОПРАК МЕНЕН ЧЫНАР
"Кызгалдактар гүлдөгөн маалда" ("Пора тюльпанов") түрк сериалынын жылдыздары Толгахан Сайышман (Чынар) менен өнөктөшү Селен Сойдер (Топрак) жакында боло турган үлпөт тоюна катуу даярданып жүрүшөт. Эки атактуунун ата-энелери менен таанышкандары алардын мамилесинин олуттуу экенинен кабар берери анык.
Толгахан сүйүктүүсү Селен менен Римде эс алып жүргөндөгү көз ирмемдерди папараццичилер да көз жаздымда калтырбай, интернет булактарына жүктөшкөн.
Сайышман Селенге чейин ушул эле тасмадагы өнөктөшү Серена Сарыкая (Йешим) менен кыз-жигит болчу. Бирок бир жылга жетпей экөө эки айрым жолго түшүшөт. Ал эми Селен менен 2007-жылы "Түркия периси" сынагын жеңип, таажыны Толгахан тапшырганда таанышкан. Эки атактуу 5 жылдан кийин кай­ра жолугуп, маха­­­бат деңизинде чогуу сүзүп каларын билишпесе керек эле.

АШЫКТЫК АСМАНЫНАН ТҮШӨ ЭЛЕК АЧИ ЖАНА БАБИ
Алгачкы сүйүү тууралуу эң кызыктуу баян – "Ашыктык асманында" фильмин көрсөңүз керек. Тасмадагы Ачинин ролун аткарган Марио Касастын күйөрман кыздары менен артынан аңдыган папараццичилерден башы айланса, ал эми Бабинин ролундагы Мария Вальверде журналдардын биринчи бетине сүрөткө түшүп берүү сунуштарынан башы айланып жаткан кези.
Дал ошол тасмадан соң экөөнүн сүйүүсү чыныгы жашоодо да уланып келет. Мария жигитин кемчилиги жок идеалдуу мырза деп эсептесе, Марио Кудай ага Мариядай айымды белек кылганына ыраазы. Экөө учурда Испаниядагы бири-бирине төп келген эң жарашыктуу түгөйлөрдүн катарын толукташат. Касастын айтуусунда, ал сүйүү үчүн жанын кыюуга барышы да мүмкүн. Демек, Марионун фильмдеги Ачиге окшоштугу бар. Мария Вальверде Мариодой мырза жанында турганда кантип башкасын карасын?

ТАСМАДА ТААНЫШЫП, ҮЙЛӨНҮП, АЖЫРАШКАН МУРАТ МЕНЕН БИРЧЕ
"Асман менен жердин ортосунда" ("Между небом и землёй") түрк сериалынын баш каармандары Мурат Уналмыш (Юсуф) менен Бирче Акалай (Хавва) аталган тасмадагы сүйүшкөндөрдүн ролунан кийин кыз-жигитке айланышкан. Жадакалса экөө тартуу учурунда таанышып, үйлөнүп, ажырашкан түгөйлөрдөн.
2011-жылдын май айында тартуу талаасында чыгармачыл топтун коштоосунда баш кошушкан. Тилекке каршы, эки чыгармачыл адам жеке карьералары менен болуп, 11 айдан кийин ажырашып кетишет. Бул тууралуу Мурат: "Ооба, ажырашканыбыз чын. Экөөбүздүн үйлөнгөнүбүздү эч ким билген эмес. Ажырашканыбызды да билбей эле коюшсун",- деп билдирген. Ажырашкандан кийин деле сериалда сүйүшкөндөрдүн ролун ойной бергендиктен, айрым эпизоддордо кучакташып, өбүшкөн сценалардан экөө тең баш тарткан дешет.

"КҮҮГҮМДӨ" ТАБЫШКАН ЭДВАРД & БЕЛЛА БАЯНЫ
Эң популярдуу түгөйлөр Роберт Паттинсон менен Кристен Стюарт да тасма талаасынан табышкан. Алар тартылган “Күүгүм” фильминен кийин экөөнү маалымат каражаттары эчак кыз-жигит кылып салышкан эле. Башында экөөнүн сүйүү романы пиар деп эсептелип келген. Бирок Роберттин сенсациялуу билдирүүсү жогорудагы ойду өзгөртүп жиберди. Ал: “Кристен менин өмүрүмдөгү эң улуу сүйүүм. Учурда чогуу жашайбыз. Үлпөт тоюбуз алыс эмес”,- деп айтып, миллиондогон күйөрман кыздарынын ичин өрттөдү.
Кан соргучтун ролун катыра аткарган Роберт учурда сүйүү дартына кабылып жүргөн кези. Анткени Кристен режиссёр Руперт Сандерс менен жакын мамиледе болуп, жакын адамдарынын көңүлүн оорутканы үчүн кечирим сураган. Эми экөө бакыт үйүнө кол кармашып барышабы же башка түгөйлөрү мененби, айтор, белгисиз.

ЛИ МИН ХОнун ПАК МИН ЁНго БОЛГОН СҮЙҮҮСҮ КУРУЛАЙ ПИАРБЫ?
"Шаардык мергенчи" ("Городской охотник") аттуу корей сериалынын баш каармандары Ли Мин Хо менен Пак Мин Ён да чыныгы жашоодо бирге экенин жар салышкан эле. Бирок алардын мындай билдирүүсү сериалдын популярдуулугун арттыруу үчүн болгон пиар жүрүш экен. Муну кытай маалымат каражаттары биринчилерден болуп жазып чыгышкан.
Сериалды тартуу иштери аяктагандан кийин жеке агенттери аркылуу экөө эки айрым жолго түшкөнүн билдиришкен. Ли Мин Хо менен Пак Мин Ёндун достору "маалымат каражаттарынын ушактарынан улам алар түгөй болууга аргасыз болушкан. Бир чети сериалдын да рейтингин көтөрмөк. Учурда экөө эки башка кинодо тартылып жатышса да, дос катары жакшы мамиледе" дешет.

Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Gulzat-88
2012-08-27 15:08:56
жакшы
0
ZarinaSM
2012-08-27 16:07:18
Мурат и Бирче мои самые любимые!!!!А Ачи с Баби самая романтичная пара!
0
nelli
2012-08-28 14:17:46
роберт паттинсон-кристен стьюарт -идеальная пара
0
bebek
2012-08-30 23:49:45
Birce mn murat jarawkan go, janylardan jazsanar eski kabarlardy kotorup koiboi
0
burulsunbe
2012-08-31 18:15:27
топрак и чинар самая красивая пара
0
GulNuRka
2012-09-02 18:12:23
Toprak m-n 4unar en soonun para! Baktuluu bolsun! Iewim m-n jurgondo oto jaga berbeit ele...
0
№ 512, 24-30-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан