ЧАЙДЫН ЧАМАСЫНЫН ПАЙДАСЫ

  • Чай чамасын гүлдүн идишине салып койсо, андагы топурактын нымдуулугу көпкө сакталат. Ошондой эле ал семирткич катары өбөлгө түзөт.
  • Чайдын чамасын кургатып коюп, мешке от жагуу үчүн ичеги катары колдонсо да болот.
  • Кургатылган чаманы көмүргө аралаштырып жакса, анын табы көпкө сакталат.
  • Ар кандай айнек идиштер, күзгүлөр, терезелер кирдеп калган учурда чайдын чамасы чыланган суу менен сүртсө тез тазарып, туптунук болуп калат.
  • Кургатылган чайдын чамасын дааратканаларга төгүп, от коюп жиберсе, ар кандай жаман жыттар тез кетет.
  • Жыттанып калган идиш-аяктарды азыраак чайдын чамасы салынган сууда он мүнөт кайнатса, жыты кетет.
  • Кургатылган чайдын чамасын жаздыкка салып койсо, жаздыктар жыттанбайт жана жагымдуу жыт да пайда болот.
  • Үй ичинде кургатылган чайдын чамасын түтөтүп койсо, үйгө чиркей, чымын жолобойт. Түрдүү майда микробдор өлүп жок болот.
  • Таза чай чамасына туз кошуп, жумуртка бышырса өтө даамдуу болот.
  • Сарымсак, пияз жегенден кийин ооз жыттанып калса, кургак чайды чайнаган пайдалуу.
  • Чайдын чамасы менен кирдеген идиш аяктарды, казанды, жыгач отургучтарды жууса, өңүнө чыгара жылтыратат.

kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
taalai.torkent
2012-08-27 15:46:00
суперден сумер кенеш экенго эн пайдалуукен.
0
Kroxa
2012-08-27 19:23:23
жакшы кенештер....
0
nazi25
2012-08-28 11:16:45
Жонокой жана пайдалуу кенештер экен.Рахмат.
0
isana
2012-08-28 17:13:53
Жакшы кенеш экен, рахмат супер!
0
nelli
2012-08-30 02:14:54
аябай пайдалуу кенештер го, ким жазса да рахмат
0
NurUmar
2012-09-02 18:38:21
рахмат колдонуп коробуз эми
0
Rostov-on-Don
2012-10-13 20:45:18
Туалет биро толо орттонуп кетпейби?
0
kg_07
2013-02-03 03:17:47
daa eldin baarinda bar go 4ai arzan,paidaluu jana jonokoi kenew eken!
0
AykaMer
2019-05-21 18:07:51
Чайдын чамасыны боюнда бар аял жесе не болот? Ошол жөнүндө маалымат бериңиздерчи!
0
№ 512, 24-30-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан