«Супер сулуу-2009» сынагын жеңгенде Жамиля 16 жашта болчу. Азыр чоңоюп, мурункудай орусча аралаштырып сүйлөбөй, кыргызча түш жоруп калыптыр. Эмесе, сөз Жамиля сулууда.
– Жамиля, биздин сынактан соң сени мода жумалыгынан көрүп калабыз...
– Ооба. «Супер сулуу» сынагына катышканда эле модель болуп иштеп баштагам. Ар кандай жарнамаларга, клиптерге тартылып, мыкты фотографтардын фотосессияларына, дизайнерлердин мода көргөзмөсүнө катышып жүрөм. «Супер сулуудан» соң бир нече сулуулар сынагына катыштым. Таиландда болуп өткөн «Азиянын супер моделдери» сынагына да катышып келдим. Ал жактан Кыргызстанды жакшы жагынан көргөздүм деп ойлойм. Анткени ар дайым алдыңкы ондуктун арасында, Азия боюнча эң мыкты фигура делгендердин катарынан түшкөн жокмун. Кубанычтуусу, «Жагымдуу айым» деген наам алганым болду. Күзүндө эл аралык сынактар болот, даярдык көрүүдөмүн.
– Арсендин клибинде жүрөсүң так секирип бийлеп, кантип катышып калдың?
– Клиптин режиссёру Мирлан менен таанышмын. Анан Арсенди да тааныган үчүн тартылып калдым.
– Жигит барбы жандаган?
– Азырынча карьера, окуумду биринчи орунга коём. Жигит жандап, турмуш курууга дагы көп эле убактым бар болсо керек. Буюрса, жакшы бир адамды табам деп жүрөм.
– «Супер сулуудан» утуп алып Египетке барып келдиң эле, андан башка өлкөлөрдү көрүүгө мүмкүнчүлүк болдубу?
– «Супердин» сынагы бүткөн соң жүрөгүмдө жакшы бир сезимдер пайда болуп, ишенич жашады. Ата-энемди сүйүндүрдүм. Башкы максатым – жер жүзүндөгү маданияты, тарыхы кызыктуу жерлерди көрүү. Алардын бири Египет болчу, аткарылды. Мындан сырткары Таиландга, Түркияга барып келгем.
– Мына, быйыл да бул сынак башталды. Катышам деген кара көздөргө эмне айталасың?
– Биринчиден, катышып жаткан кыздардын баарына ийгилик каалап кетейин. Катышып, утпай калсаңар да ал силердин жеңилип калгандыгыңар эмес. Кийинки сынактарга тепкич болуп бере алат. Анткени сынакта биз ар кандай нерселерди үйрөнөбүз, мүнөзүбүз өзгөрөт, дүйнө таанымыбыз кеңейет, максатка жетүү үчүн аракеттенебиз. Катышкыла, өзүңөрдү сынап көргүлө, аялзаты катары сулуу экениңерди сезгиле дегим келет.
Бурул Исмаилова
star@super.kg