Куудул Рахман Разыковдун Бишкекте боло турган концертине куудулдар Борончу менен Тынар катышпай турганын билдиришти. Анткени ал күндөрү экөөнүн Ошто пландалган концерти бар экен.
«Биздин макулдугубузду албай эле жарнамаларга кетирип жибериптир. Ал күндөрү биз конок катары да бара албайбыз. Анткени Ошто өзүбүз конок күтөбүз, концерт берип»,- дешет Борончу менен Тынар. Кызыгы, бул бүдөмүк ой туудурган жаңылыкты Рахман байкебиз уга элек экен. Укса Борончу менен Тынардын Оштогу концертин «отмена» кылып койбогой эле.