Шоу-бизнестин маралдай керилген кыздары Зари менен Нурайым Азыкбаева кош бойлуу. Учурда чыгармачылыктан бир аз алыстап кеткен Нурайым "октябрда көз жарсам эле чыгармачылыкка кызуу киришем" деп турган чагы. Ал эми жакында эле турмуш жолуна аттанган Зари да наристе күтүп жатканын айтып кубанычта. Ак куу моюн Зари жайдын аптабында күйөө бала менен Ысык-Көлдө эс алып кайтыптыр.