"Тамашоунун" 5-сезонунда көп жаңы командалар кошулат, сыягы. Дегенибиз, "Достук", "Жигиттер" жана "Местныйлар" командаларынын жигиттери окууларын бүтүп, кээси кесиби менен, кээ бири Орусияга иштегени кетишкен. Жогорудагы командалардын капитандары Санжар Мыкыев, Азамат Исмаилов жана Кубат Кубанычбековдор өздөрүнчө команда түзүп чыга турганын билдиришти. Азырынча командага ат коюла элек. Бирок "Тамадалар" деп атоонун үстүндө "тамашоучулар" катуу ойлонуп жатышкан чагы. Ким билет, мындай ат коюлса, балким, той-кечелерден көбүрөөк сунуш түшөт. Команда "Тамадалар" же "Биз чемпион болобуз!" деп аталабы, айтор, "Тамашоунун" келерки сезонунун оюнчулары, бул үч жигиттин дымагы күчтүү, абайлаңыздар.