УЛУУ РЕЖИСЁРЛОР УЛУУЛУККА КАНТИП ЖЕТИШКЕН?

Альфред Хичкок
Жашоо жылдары – 1899-1980
Мекени – Англия
Эң негизги тасмалары – “Канаттуулар”, “Башка адам”, “Күмөн”

Англия менен Америка бирдей барктаган режиссёр Альфред Хичкоктун атасы да, чоң атасы да, чоң атасынын атасы да жашылча-же­миш сатуу­чу болушкан. Альфред жана анын 8 биртууганы катуу тарбияда өсүшкөн. 11 жашына чейин Альфредди мектепке беришкен эмес, себеби ал жашылча сатууга жөндөмдүү эле. 15 жашында шаарга барып инженердин окуусуна тапшырганда анын өз алдынча жашоосу башталат.
ХХ кылымдын башында Англия­да кино тартылбагандыктан, бул тармакты америкалыктар башташкан. Америкалыктар кино тартарын уккан Хичкок бир нече эскиз, титр­дин түрлөрүн тартып даярдайт. Альфреддин оюнда аны дизайнер катары студияга алышмак. Ошентип, 1920-жылы Хичкоктун колу тийген алгачкы тасма жарык көрөт. 1922-жылы “Аялыңа калп айтпа” тасмасы тартылып жатканда режиссёр Ж.Куттс ооруп калат да, продюсер айла таппастан режиссёрлукту Хичкокко берет. Бул Альфреддин алгачкы тасмасы болчу.
27 жашына чейин бир дагы кызга жолобогон Альфред өзүнүн Альма аттуу ассистенттине үйлөнүп, аны менен 53 жыл бирге жашаган да, өмүр бою ала жипти аттабаган.


Стивен Спилберг
Туулган жылы – 1946-жылдын 18-декабры
Мекени – АКШ, Огайо штаты
Эң негизги тасмалары – “Келгин”, “Полтергейст”, “Юра доорунун паркы”, “Катардагы Райанды куткаруу”, “Индиана Жонс - 1, 2, 3”, “Терминал”

Стивен тасма тартууга кичинесинен баштап кызыккан. Ал 12 жашында атасынын камерасын уурдап алып, 3 улуу эжеси катышкан кыска метраждуу тасмасын тарткан. 13 жашында экинчи фильми үчүн мэриядан сыйлык алган. 14 жашында экинчи дүйнөлүк согуш тууралуу 40 мүнөттүк философиялык тасмасы көрсөтүлгөн. Согуш туурасындагы бул тасманын сценарийин кичинекей Спилберг өзү жазган.
Голливуддагы алдыңкы кинокомпаниялардын бири “Юниверсал Пикчерз” жаш талантка көз салып, анын балакатка жетишин күтүп жүргөн. 16 жашка чыгары менен Стивен кинокомпания менен келишим түзүп, эң биринчи гонорары – 100 долларын алган.
Азыр Спилберг жеке киностудиянын ээси, “Дрим Воркс” киностудиясынын үч жетекчисинин бири. 7 баланын атасы. Алардын улуусу биринчи, калгандары экинчи аялынан.


Квентин Тарантино
Туулган жылы – 27-март, 1963-жыл
Мекени – АКШ, Теннеси штаты
Эң негизги тасмалары – “Кутурган иттер”, “Биллди өлтүрүү”, “9-ярд”, “Күн баткандан таң атканга чейин”

Тарантинону же жек көрүшөт, же катуу сыйлашат. “Тарантино” деген ысым сын атоочко айланган: көпчүлүк жаш режиссёрлор “тарантино-тасма тартам” дешет. Бул кайталангыс, көз карандысыз, заманбап, саркеч кино дегенди түшүндүрөт.
Тарантинону 2 жашынан тартып өгөй атасы тарбиялаган. 8 жашынан баштап бир дагы кинону калтырбай көрүп, кинотеатрдан чыкчу эмес. 15 жашында мектепти таштап, өзү “бейиш” деп атаган жергиликтүү телеканалдын видеоархивине жумушка орношот. Андан соң Голливудга барат. Бирок режиссёр катары эмес. Тарантино съёмка аянтчаларын тазалачу. Кийинчерээк сценарий жазып сатып, акчасына аз бюджеттүү “Кутурган иттер” тасмасын чыгарган соң Тарантино өзүн «режиссёрмун» деп эсептей баштаган.


Жеймс Кэмерон
Туулган жылы – 1954-жылдын 16-августу
Мекени – Канада
Эң негизги тасмалары – “Терми­натор - 1, 2”, “Титаник”, “Түп”, “Өз­гөлөр”

Жеймс 17ге чыкканда атасы “менин жолумду жолдоп, физика бөлү­мүнө тапшыр” деп табыштап АКШга жиберген. Жеймс физикага, сүрөт тартууга, фантастикага жана киного бирдей кызыкчу. Кийинчерээк тагдыр болочок режиссёрду атактуу киностудиянын атайын эффектерди даярдоо бөлүмүнө алып келет. Инженер катары жумушка орношкон Жеймс бир күнү жасалма сөөлжанды электрдин жардамы менен кыймылдатып, кесиптештерин тамашалап коркутуп жаткан. Бул учурда италиялык продюсер аны байкап калып, “Пиранья” фильмине режиссёрлук кылууну сунуштаган. Ушундан соң Жеймс фантастикалык тасма тартуу боюнча адиске айланган.


Акира Куросава
Жашоо жылдары – 1910-1998
Мекени – Япония
Эң негизги тасмалары – “Расемон”, “Акмак”, “Жети самурай”

Дүйнөлүк кинематографияга чоң салымын кошкон режиссёр Акира Куросава кичинесинен сүрөт тартууга кызыккан. Ал бир күндө көрүп-билгендерин кагаз бетине тартып, төкпөй-чачпай апасына да айтып бе­рүүнү адат кылып алган. Мектепте жума сайын чакан пьесаларды койчу.
Акира “Мас периште”, “Расемон”, “Жети самурай” фильмдери менен мекенинде белгилүү болсо, дүйнө жүзү аны Достоевскийдин чыгармасынын негизинде тартылган “Акмак”, Шекспирдин чыгармасы боюнча тартылган “Макбет”, Горький боюнча экрандаштырылган “Эң түптө”, Владимир Арсеньевдин “Дерсу Узала” чыгармасы боюнча тартылган тасмалары аркылуу билет. Куросаванын сыйлык текчесинде “Оскардан” тартып Италия, Испания, Бразилия, Түркия, Орусия, Англия, Япония, Кытайдагы ири кинофестивалдардын сыйлыктары тизилип турат. 


Люк Бессон
Туулган жылы – 18-март, 1959-жыл
Мекени – Франция
Эң негизги тасмалары – “Леон”, “Жанна д`Арк”, “Такси - 1, 2, 3, 4”, “Бешинчи элемент”, “Хитмэн”

Продюсер, сценарист, актёр, режиссёр жана оператор Люк Бессон кичинекейинде бул кесиптер тууралуу эч нерсе уккан эмес. 19 жашында Голливудга кеткени ал жерде кино тартпай эле чай, кофе даярдап иштеген. Кийин майда клиптерди тартып, режиссёрлордун жардамчысы болуп да жүргөн. Голливуд Бессонду “Бешинчи элемент” деген фантастикалык тасмасынан кийин кабыл алган. Мындан сырткары, “Такси - 1, 2, 3, 4”, “Ажыдаардын өпкөнү” жана башка мыкты фильмдери Люк Бессондун күчтүү режиссёр экендигин далилдеди.


Ким Ки Дук
Туулган жылы – 20-декабрь, 1960-жыл
Мекени – Корея
Эң негизги тасмалары – “Жапайы жаныбарлар”, “Чыныгы калп”, “Арал”

Түштүк Кореянын эң жарды айылдарында төрөлгөн Ким 9 жашка чейин буту жооруганча талаада иштечү. 9га чыкканда ата-энеси аны айыл чарба мектебине киргизишет. Мектептен соң кайрадан талаада, андан кийин заводдо иштеген Ким 5 жылга деңиз аскерлигине кетет. Аскердик кызмат өтөп жүрүп сүрөт тартууга кызыгып, 30 жашында Парижге келет. Ким Ки Д­­­уктун өмүр баянындагы «32 жашына чейин телевизор, кино көргөн эмес» деген факт көпчүлүктү таң калтырбай койбойт. Кино деген эмне экенин түшүнгөн Ким 36 жашында алгачкы фильмин жаратат. Билимсиз жана кедейдин тукумунан болгондуктан, режиссёрлор Ким Ки Дукту катарына кошушкан эмес. Бирок режиссёрдун күчтүү тасмалары аны Кореяга гана таанытпастан, эл аралык деңгээлге чыгарды. Ким өзгөчө таланты жана башынан эч качан түшпөгөн бейсболкасы менен таанымал.

Бегайым Мусакеева
press@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 337, 17-23-апрель, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан