22-августта ырчы Айя Садырова борборубуздагы караоке- клубдардын биринде 30 жашын белгиледи. Айтылуу акын Алыкул ак боз атка салыштырган отуз жашты көпчүлүк эсте каларлык белгилейт эмеспи. Айянын досторунун баары чогулуп, ага сюрприз уюштурушкан. Кечки саат 11ден таңкы саат 6га чейин тынбай ырдап берип, ырчы кыздын ролун көрүүчүгө айлантышыптыр. Туулган күндүн кызыктуу учуру белек алуу эмеспи. Айя досторунан жалаң акчалай белек алса, агасы бриллиант менен кооздолгон зер жасалга топтомун тартуулаптыр.