Cалима Балтаева: «ТӨРӨТТӨН КИЙИН ЭС ТУТУМУМ НАЧАРЛАП КЕТКЕН»

«Дил кайрык», «Сага» деген ырларды Айбек Карымов менен кубулжута созгон Салима Балтаеванын үнүнө ашык болгондор четтен чыгат. Тамашакөй, шайыр мүнөз Салима Балтаева биз менен сыр чечишти.

"ЫРЧЫ БОЛУШУМА ТАБИЯТТЫН ТААСИРИ ЗОР БОЛДУ"
– Мен 1974-жылы алыскы Алайдын Жошолу деген айылында төрөлгөм. Атам совхоздун бригадири, апам болсо атамдын жардамчысы катары саанчылар жок болгондо уй саап, мал карашып, кошумча кызматчынын ролун аткарчу. Атам кийинчерээк чабан болуп калды. Кой кайтарганы жайлоого чыкканда дайыма жанында мал карашып жүрчүмүн. Бала кезимде жайлоодо көчүп-конуп жашап жүрүп жаратылыш менен тыгыз байланышта чоңойдум. Ырчы болуп калышыма табияттын берген таасири зор болду десем жаңылышпайм. Анткени суунун дабышынан, күндүн бүркөлгөнүнөн, дарактардын термелишинен өзгөчө, кулакка жагымдуу обондорду укчумун. Азыр ойлоп калам, ал деле Жараткандын берген бир касиети болсо керек деп.
Үй-бүлөдө 10 бир тууганбыз, мен жетинчисимин. Ата-энем жакшы ырдашчу. Апам кошокту мыкты айтат. А мен бала бакчага барганда эле ырдачумун. Атүгүл ырдаганым үчүн айрымдар акча берип коюшар эле. Баёо кез да, акча карматып коюшса, "акча берет экен" деп ырчылыкка болгон каалоом ого бетер күч алчу. Эсимде, мектепке жаңы барганда мугалим бизден «ким баш тамганы билет?» деп сураса, "мен жазганды билем" деп фамилиямды «Балтайева» деп жазганым. Бизге тамга тааныганды бала бакчадан эле үйрөтүшкөн болчу.

"СЫЙМЫК, НУРИЗА БОЛУП ОКУУГА ӨТПӨЙ КАЛДЫК"
– Мектепте жакшы окудум. Менден чоңойгондо ким болорумду сурашса, мугалим же ырчы болорумду айтчумун. Анткени кыргыз тили, кыргыз адабияты сабактарын аябай жакшы көрөр элем. Мектепти аяктаганда атам мени тарых факультетине сүйлөшүп коюптур. Мен "ырчы болом" деп үч күн тамак ичпей көк беттенип, көнбөй, ал окууга тапшырбай койгом. Ырчы болом деген каалоом баарын жеңип кетти. Ортобузга эжем аралашып, «мейли барып келсин, балким, өтпөй калат» деп жатып атамды көндүргөн. Искусство институтуна тапшырып, чындап эле акыркы экзаменден өтпөй калдым. Көрсө, экзаменде жазган дил баянымды бирөө алмаштырып, ортосундагы дил баян жазылган бүктөмө эки баракты алып, ордуна башка бош барак салып коюптур. Аны кийин билбедимби.
Андан кийин Улуттук филармониянын алдындагы эки жылдык студияга Сыймык Бейшекеев, Нуриза Абазова менен чогуу тапшырып, үчөөбүз тең өтпөй калдык. Акыркы үмүт менен А.Малдыбаев атындагы Опера-балет театрына барып, ошол жактан опера жаатында билим алып калдым. Андан соң Улуттук консерваторияга тапшыргам. Эсептесем, 2 жыл опера-балетте, 5 жыл консерваторияда, кайра 2 жыл консерваториянын аспирантурасында болуп, 9 жыл окупмун. Кудайга шүгүр, азыр өтө белгилүү болбосом да, эл таанып-билип калган ырчымын. Филармонияда эмгектенип жатканыма 8 жылдын жүзү болду. Кутман Жолдошев экөөбүздү филармониянын ошондогу жетекчиси Керим Турапов чакырткан.

"АТАМ ӨЗҮМ КҮЙӨӨ САТЫП БЕРЕМ ДЕЧҮ"
– Окуу, карьера деп жүрүп 29 жашымда турмушка чыктым. Кичинемде билем, бала бакчада «кимге тиесиң?» деп сурап калышса, айылда Жыргал деген бала бар эле, ошол мени алам деп койсо керек, «Жылгалга, Жылгалга тием» дей берчү экенмин. Ошондо атам «сен менин кичүү кызым болсоң, анан сени бирөөгө берип коймок белем? Жыргалды не кыласың, керек болсо өзүм сага күйөө сатып берем» деп тамашалап калчу. Бойго жетип калганда тууган-досторум "атам мага күйөө сатып берет деп күтүп жатасыңбы, тийбейсиңби эртерээк?.." деп какшыктап калышкан.
Жолдошум Мамат менен түтүн булатканыбызга 10 жыл болду. Мамат чыгармачылыгымды дайыма колдоп келет. Кесиби боюнча юрист. Ортобузда Сайкал, Сумая жана Сабина деген кыздарыбыз бар. Улуусу 8де, ортончусу 4тө, кичүүсү 2де. Үч кызымды тең операция жолу менен төрөгөм. Толгоом катуу болуп, дарыгерлер наркоз бере беришип, азыр эс тутумум начарлап кеткен.

"КУУДУЛДУК ДА ӨНӨРҮМ БАР"
– Жогоруда айткандай, табияттын таасиринен уламбы, айтор, анда-санда обон да чыгара коём. Айрыкча таң атканда белгисиз кайрыктар кулагыма келет. Бирок ал обондорду жарыкка алып чыккандан тартынам. Куудулдугум ойгонуп, көбүнчө бир окуяны айтып берип бүткөндө «эми ушуга окшош анекдот айтып берейинби?» дейт экем, ал мага сезилбейт деле. Анан эле тааныштарым мен сүйлөп бүткөндөн кийин «ии, эми ушуга окшош анекдот айтып берчи...» деп калышат. Күмөндөр байке менен бир топ иштешип калгам, куудулдук ал кишиден жуккан окшойт.

"АКЧАНЫН АЙЫНАН АЙБЕК МЕНЕН ТҮШҮНБӨСТҮКТӨР БОЛГОН"
– Мен бир топ эле ырчылар менен дуэт ырдап чыктым. Алгач Айбек Карымов менен «Дил кайрык» деген ырды ырдап чыкканда таанылбадымбы. Бирок ар жакта гастролдоп жүрө берип бир чети чарчасам, экинчиден, жашырганда эмне, Айбек экөөбүздүн ортобузда акча маселесинен кичине түшүнбөстүктөр болгону чын. Ошондон кийин өзүмчө ырдап чыксамбы деген ой келди.
Андан кийин Кутман Жолдошев, Орозгүл Токторбаева, Майрамбек Осмонов, Чырмаш Төрөбеков менен дуэт ырдадым. Чынында, дуэттерден бактым бар. Ал эми той-кечелерде «Көктөм эле», «Биздин айыл» деген ырларды көп сурашат.
Учурдагы «Достор» тобундагы кыздар менен жашоодо да жакындан катышкан достордонбуз. Топ түзүү идеясы шеринеде отурганда келген. Быйыл топтун түзүлгөнүнө 5 жыл болуп калды. Эсимде, биз «Достор» деген ырыбызды ырдап жатсак, "бул кайсы топ?" деп сурап калышты. Ошондо баарыбыз үкүсү бар тебетей кийип чыгып ырдаган элек. "Оо, булар «Үкү» тобу го?.." деп тамашалап жатышып титрге «Үкү» тобу деп берип салышыптыр. Кийин «Достор» деп өзгөрткөнбүз.

Лунара Бекиева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Салима Балтаева: "Сыймык, Нуриза болуп окууга өтпөй калганбыз"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
operaledi
2012-08-27 11:55:35
Чыгармачылыгынызга ийгилик.
0
evgeniya
2012-08-28 01:33:06
чыгармачылык анан да уй-булолук бакыт каалайм,кыздарыныздын узурун ,жакшылыгын корунуз!
0
merim
2012-08-29 03:32:00
САлима эже ишинизге ийгилик!
0
Narynbek
2012-08-30 00:43:13
Мамат дегени Мураталиев Мамат эмеспи?
0
chopa2490
2012-08-30 15:42:37
ишинизге ийгилик!!!
0
№ 512, 24-30-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан