Нурсултан Назарбаев,
Казакстан Республикасынын Президенти:
«Бир эмес, эки революцияны баштан өткөрдүңөр. Качанга чейин революция деп эле жүрө бересиңер? Азыр силерге көрүнүктүү лидердин алдына топтолуп, ынтымакка келчү мезгил жетти. Катуу айтсам кечиргиле, бирок бул менин жакын туугандык кеңешим».
Аида Салянова, КРнын Башкы прокурору:
(«Республика» партиясынын мүчөлөрүнүн СИЗОдо отургандарга кирип, сүйлөшүү жүргүзүүсү тууралуу айткан сөзүнөн)
«СИЗО – драмтеатр же саясат жүргүзүүчү жер эмес, ал режимдик объект. Өкмөт мындай окуялардын кайталанбашы үчүн катаал чара колдонушу керек».