Бир бүркүм... ДЕПУТАТТЫН ПЛАНШЕТТИК КОМПЬЮТЕРИ УУРДАЛДЫ...
Түркия президенти Абдуллах Гүл Кыргызстанга келди, бирок расмий иш сапары кыскарды. Өзүн начар сезип жатканына байланыштуу ал саммиттен кийин эле мекенине кайтты.
Ысык-Көлдө эс алып жүргөн Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева 900 доллар турган планшеттик компьютерин уурдатып жибергени маалым болду.
Биринчи Май райондук соту Нариман Түлеевди 15-октябрга чейин кайрадан УКМКнын камагында калтыруу чечимин чыгарды.
Чет өлкөдөгү кыргызстандык мигранттар 7 ай ичинде Кыргызстанга 1 миллиард доллардан ашык акча которушкан. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Эксперимент катары Бишкектин Уркуя Салиева көчөсүнүн 700 метр жолуна япониялык технологиянын жардамы менен бетон төшөө иштери жүргүзүлүүдө.
Эгемендүүлүк күнүнө карата Жалал-Абад шаарында студенттик бейтапкана ачыла турганын шаар мэри Бакыт Адылов билдирди.
«Сорос-Кыргызстан» уюмунун жаңы аткаруучу директору болуп Шамил Ибрагимов дайындалды.
Шамарал Майчиев экинчи мөөнөткө Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы болуп шайланды.
2011-жылдагы президенттик шайлоодо Алмазбек Атамбаевдин шайлоо кампаниясында ММКлар менен байланышты көзөмөлгө алган Айнура Токтошева Жогорку Соттун маалымат катчылыгына дайындалды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
future_kg
2012-08-27 13:41:41
Мигранттарга куч-кубат берсин, кыйналып болсо да элин уй-булоосун багып жатат! Биздин президент баш болуп, оз кызыкчылыгын ой лоп журушот! Мигрантарга шарт тузсо ,мамлекет тез эле бутуна турмак!
0
Argymak
2012-08-27 19:06:08
Планшетти кайсыл, акчага алган эле. Мына тешииип чыгат да анан.
0
Marath87
2012-08-28 00:23:48
Argymak, туура айтасын!
0
Nevajno
2012-08-29 15:06:25
Argymak, туура айтасын толук кошулам оюна
0
AshatMJ89
2012-08-29 15:14:53
Карапайым элдин акчасы, карапайым бироого буюруган экен да)))
0
men_aman
2012-08-29 20:22:18
Бул эч нерсе эмес болуш керек депутат айымга машинасын ууурдап кеткенде зор болмок
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.