Аптанын негизги окуяларынын бири Казакстан ажосу Нурсултан Назарбаевдин Кыргызстанга биринчи мамлекеттик иш сапары болду. Маанилүү келишимдерге токтолсок, Казакстан Кыргызстанга жардам катары 200 миң тонна эгин, Биргелешкен инвестициялык өнүктүрүү фондуна 100 миллион АКШ долларын бөлүп бермей болду. Назарбаев Алматы-Кемин энергетикалык алкагын түзүү боюнча болгон күч-аракет жумшаларын белгиледи. Анан да ажолор кыргыз-казак мамилеси бекемделе турганын белгилешти. Сүйлөшүүлөрдөн кийин Алмазбек Атамбаев «эки өлкө ортосунда чечилбеген маселе калган жок» деп билдирди.