Бишкек шаарындагы Жаш Гвардия-Ленинград көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан мечиттен ири суммадагы акча уурдалды. Имам Нематулла Рыскуловдун айтымында, мечитке келгендер атайын коюлган урнага акча салышып, чогулган акча жыл сайын Айт намазынан кийин колунда жокторго, муктаж адамдарга таратылып берилип келген. Быйыл да ошондой болмок, бирок эртеси, Айт намазы деген түнү белгисиз бирөө акчаны уурдап кеткен. Урна кулпуланып турганына карабай ачып, болгон акчанын баарын көтөрүп кетиптир. «Урнада канча акча болгонун так айта албайм. Былтыр 72 миң сом чогулган болчу» деген имам Нематулла Рыскулов тийиштүү органдарга кайрылганын айтат.