БЕЛАРУСЬ «ЖАНЫШ БАКИЕВДИ БЕРБЕЙБИЗ» ДЕДИ

Жаныш Бакиевдин Беларустун Минск шаарында жүргөнүн орусиялык «Коммерсантъ» басылмасы жазып чыгып, кыргыз коомчулугунун көңүлүн бурду. Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн, эч бир өлкөдөн саясий баш паанек ала элек экс-чиновниктин ээн-эркин жүргөнү интернет булактарына чыккан сүрөттөрдөн улам белгилүү болуп отурат. Аны Беларустун оппозициялык активисти Михаил Пашкевич кокусунан көрүп калып, сүрөткө тартып алууга жетишип, дүйнөлүк желедеги социалдык тармактагы баракчасына жүктөгөн.
Сүрөттө Жаныш Бакиев эки адам менен турган. Аларды ИИМ Жаныш Бакиевдин курсташтары Тахир Рысалиев жана Рустам Сайдуев деп «тааныды». Кыргызстандын Тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов Беларустун Кыргызстандагы элчиси Виктор Денисенкого Жаныш Бакиевди тез арада кармап, Кыргызстанга экстрадициялоо өтүнүчү менен Беларуска кайрылган нотаны карматты эле, көнүмүш жоопту укту. Лукашенконун өлкөсү «куугунтук саясий негизде болуп жатат, бербейбиз» деди. Баса, бул арада интернет талаасына КРнын азыркы Тышкы иштер министри Руслан Казакпаев менен Жаныш Бакиевдин колтукташып, бассейн жээгинде түшкөн сүрөтү чыкты. "Жакында «республикачылар» менен Руслан Казакпаев Бабановго моралдык жана материалдык колдоону көздөп Түркияга барып, Бакиевдерге жолугуп кайтышты" деген маалыматтар коштоду бул сүрөттү.
Бул Бакиевдердин бийлиги тушундагы сүрөтпү же жакында тартылганбы, ким билсин, бирок экөөнүн жакын мамилеси бар экенинен кабар берип тургансыйт. Жаныш Бакиевдин деле көрүнгөн адам менен кучакташып сүрөткө түшө бербеси турган иш. Албетте, маалымат тастыкталган жок. «Республикачылар» да, министр мырза да бул маалыматты төгүндөдү. Ушундай маалда Жаныш Бакиевди кармап, мекенине жөнөтүү өтүнүч катын Беларусь элчисине министр Руслан мырза өзү эмес, орун басарынын бергени күдүк ойлорду жаратат экен. Балким, министр мырзанын жумушу көп болуп, колу тийбегендир же «Жаныш Бакиевди кармап, байлап, жөнөткүлө» деген документти өз колу менен бергенге «абийири» жол бербеди бекен?
Убактылуу өкмөт эл аралык издөөгө жарыяланган Бакиевдердин жүргөн жерин билген, ал боюнча кабар берген жарандарга 100 000 доллар өлчөмүндө сыйлык жарыялаган эле. Эми Беларустагы оппозициячы Пашкевичке андай сыйлык берилет болду бекен?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
alman0808
2012-08-27 15:04:50
Атангоруу!!!!! Колунардан кокон тыйын келбейт. Калп эле "иждеп атабыш" деп коюшат. Иии журо бергиле доодуроп. Ал эле бул эле деп
0
SHATY
2012-08-27 18:39:17
Жыргатпай калдынарго "Шефтер"...
0
Argymak
2012-08-27 20:01:46
Бабанов озу кошо журуп атса. Кимиси кыйратып карайт эле туугандар. Оо бул иштин дана карышкырлары биздин башчыларыбызда болуп жатпайбы. Кылгылыкты кылып кыл жииип менеееен буууп олтурса.
0
Amerikanka
2012-08-27 23:19:11
Бакиевтерди урматтап сыйлаймын!!!Курманбек Бакиев жакшы адам эле!!!менин оюмча
+2
solnyshko
2012-08-28 14:03:12
Amerikanka, +100000
+2
Janym91
2012-08-28 19:05:23
Бакиевти мен дагы сыйлайм! Ага каршы жазгандар озунорду бир карап алгыла! Так что........
+2
sabirdinovich
2012-08-29 11:43:31
Бакиевди Аллах гана жазалайт. Бул дуйнодо эмес тиги дуйнодо жазаласа соонун болот.
0
BEMMKA
2012-08-29 12:44:36
Оз козунор менен корбогондон киин,же бир нерсе билбегенден киин Бакиев мындай жаман иш кылган,тигиндей кылган,,адамдарды ошол олтурткон деген создорунорду,ойлорунарды айтпай еле койгулачы...Албетте Бакиев кеткенден киин барын ага жуктошот да...Ал эми азыркы бийликтин кыйратып оз бийлигин жургузуп жаткан жери жок,,Бакиев азыркы президенттен олугу ойдо болчу
+2
Taalaibek.
2012-08-30 00:01:07
BEMMKA, сенин ойунча биздин жаш баатырларды ким олтурду деп ойлойсуз?
-1
gizalya
2012-08-31 18:04:54
Taalaibek., Ким болмок эле ошол кездеги УО куноолу
0
Atabaevtalantbek
2012-08-29 17:15:54
Саясатчылар эч нерсе кыла албайт жана кыла алган да эмес. Келип келип карапайым элге эле кыйын. Ж. Бакиев мумкун бул чиновниктерге жай издеп журоттур, кокус качсанар бекинесинер деп.
0
Kubanychbekkagan
2012-08-29 17:44:50
Президент мамлекеттин башкы командачысы экенин билип койгула! Ал буйрук бермейинче бир да аскер адамы ок чыгарганга укугу жок. Ошондуктан буйрук ошол кезде бакиевдер тарабынан болгону турган иш. Бакиев президент болуп келгенде оозунан эн биринчи чыккан созу бул: " Мен ак уйду автомат менен озум коргойм" деген эле эфирден. Качып баратканда "Кыргызстанды канга чылайм" дегенин эсинерден чыгарбагыла.
+1
adik89
2012-08-31 01:53:19
очирет менен бирин келип бирин кетип жейбергиле кичинекей кыргызстанды чондорго соз жок онуксок болбойбу
0
agwamarin
2012-09-01 01:27:36
ээ КЫРГЫЗ элим баары жакшы болот аста-аста куто туралы аз калды
0
kus88
2012-09-01 18:04:14
жаш муундарды которуш керек,дагы деле эски бийликтен калган 5-6 карт боорулор кыргызстанды соруп жатат!канткен кундо дагы журогу кыргыз элим деген ажоо келсинда!
0
PROS
2012-09-02 13:18:49
Айланайын кыргызым, алгач ар ким озубузду ондойлучу! Карапайым калк минтип бирибиздин созубуз бирибизге жакпай отурсак, ажолорубуз кайда бармак эле! Бизде ынтымак жок, сый-урмат жок! Ар ким озунун айтканын туура коруп, баары эле акылман, кантип онугобуз бир гана Кудай билет. Пейилибизди ондойлучу туугандар!
0
obol.kg
2012-09-02 23:18:51
бакиевди сыйлагандар. Ошондогу олгон жигиттердин бири жакын адамынар болгондо, эненердин коз жашы тыйылбай кабырганар кайышканда билет эленер.
0
№ 512, 24-30-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан