КАМЧЫКЕНИ КАНДАЙ КЫРДААЛ «ЖУМШАРТТЫ?»

Ошентип, «Өкмөт кетсин!» деген аталыштагы, узакка созулган жана бир топ компроматтарга толгон оюндун негизги этабы аяктады. Парламенттеги коалициялык көпчүлүктөн биринчи болуп «Ар-намыс» чыкты. Бул фракция мындай кадамын «коалициялык көпчүлүктүн кадырына көлөкө түштү, ошон үчүн чыктык» деп түшүндүрдү. Эртеси «Биримдик» коалициясынан «Ата Мекен» фракциясы кетти. Парламенттеги коалициялык көпчүлүктүн бири болгон КСДП фракциясынын өкүлдөрү да «азыркы өкмөт президент тарабынан күчтүү колдоо болгонуна карабай канааттандырарлык иштеген жок» дешүүдө.
Ошентип, коалиция тараганын анын лидери Канатбек Исаев расмий түрдө билдирди. Баш мыйзамга ылайык, парламенттеги көпчүлүк тараган соң ал тарабынан дайындалган өкмөт автоматтык түрдө отставкага кетет. Демек, Бабановдун өкмөтү да кетти. Алар кийинки коалиция тарабынан жаңы өкмөт куралгыча «милдетти аткаруучу» катары иштешет.
«Ата Мекен» партиясы менен Өмүрбек Бабановдун тирешине көз чаптырып турган саясий серепчилер ар кандай пикирлерди айтышууда. «Текебаев менен тирешем деп отуруп Бабанов байкабастан ортого криминалдык элементтерди аралаштырып алды. Анысы аз келгенсип, оюндун кызуусунда «Ата Мекендин» үч-төрт депутатына «мародёрчулук» дооматын жабыштыруу менен Апрель революциясынын башкы каармандарына көлөкө түшүрүп алды. Революционерлердин катарында жалаң гана «ата мекенчилер» эмес, Алмазбек Атамбаев менен Роза Отунбаева да бар. Жаза басканын бир аз кечигип түшүнүп, «Республика» аркылуу билдирүү таратты. «Апрель революциясынын максаттарынын сөзсүз ишке ашышына кам көрөбүз» дешти. Бирок кеч болуп калган. Өмүрбек Бабанов өзүнө каршы чыккан парламентарийлер коалициялык көпчүлүктөн чыгып болсо да, баары бир өкмөттүн учурдагы курамын кетиришерин алгач аңдабай калды» деген пикирлерди билдирип жатышат.
«Ата Журт» фракциясы абайлап, абалды байкап тургандай. Бул арада бирин-бири ММКлар аркылуу шыбап, бири «калпты ышкыртты» десе, экинчиси «түшүнө киргенин деле сүйлөп коё берет» деп жатышкан «Ата Журттун» дөө-шаалары тил табышып кетишти. Камчыбек Ташиев «Ахмат досум экөөбүздүн арабызга чок салгысы келгендер бар. Аларга карабай мамилебиз жакшы эле. Биздики чоң ажырымга алып келчү маселе эмес» деп билдирди. Бул эки саясатчы-депутаттын президенттик шайлоодон берки иш-аракеттерин карап көргөндөр андай эместигин, экөөнүн бир команда катары иш алып барбай, бири-бирине сыртын салып калгандыгын оңой эле байкайт. Камчыкени кандай кырдаал минтип «жумшартып» ийди? Кеп төркүнү парламентте.
Эл өкүлдөрү жыйылган бул имаратта кайрадан кызуу оюндар башталды. Коалиция ыдырады. Азыр «Ата Журт» жаңы коалиция боюнча сунуштарды күтүүдө. Алар өкмөт башчылыкты мелжеп, ошол орун берилери анык болсо, Бабановго каршы иштеше тургандай. Абал ушундай болуп турган соң «Ата Журттун» ичиндеги ынтымагы Камчыбек Ташиевге абадай зарыл. Андайда ММКлар аркылуу анча-мынча ачуу кеп айта салып жинине тийип жаткан «досун» кечирип коюш кеп бекен...

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Sherik200992
2012-08-30 07:48:54
Ташиевти колдойм. Алга "Ата-Журт"...
0
turatbek-92
2012-09-01 06:35:25
Урматтуу Камчыбек Ташиев биз сизди колдойбуз жана ишенебиз, биздин умутубуз бир гана сизде.
0
Elaman94
2012-09-01 07:10:53
Ташиев биз сен мененбиз.Биринчиден Атанбаевди,Бабановду док кылыш керек.жакында бул айбандардын док болушуна козум жетип турки.
0
baatyr79
2012-09-02 18:45:17
"АТА-ЖУРТ" алллгггаааааааааа
0
№ 512, 24-30-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан