Бүгүнкү коногубуз жакында Лондон Олимпиадасына катышып келген балбан Арсен Эралиев болду. Бул маектен көп суроолорго жооп таба аласыз. Анткени Арсен баарын төкпөй-чачпай айтып берди.
Арсен Эралиев грек-рим күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери, Азиянын чемпиону (2011).
1987-жылы 15-майда Талас облусунун Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында туулуп-өскөн.
Бою – 168 сантиметр, салмагы – 60 килограмм.
Ыймандуу, адамгерчиликтүү кыздарды жактырат.
Бойдок. Учурда Бишкекте жашайт.
– Ассалом алейкум, Арсен! Олимпиадага жаракаттан алыс, аман-эсен барып келдиңби?
– Валейкум ассалом! Рахмат, аман-эсен барып келдик. Жаракат жок, жакшы баары.
– Учурда эс алып жатсаң керек...
– Ооба, 1 айга машыгууну токтотуп, эс алып жатам. Олимпиададан келерим менен Таласка кетип калгам. Туулуп-өскөн айылыма. Кечээ келдим. Эми 1 аптага Ысык-Көлгө кетип жатам.
– Жакшы. Биздин негизги суроолорубуз Олимпиада жөнүндө. Мына той болду, тойдун эртеси да болду дегендей. Олимпиада жактыбы?
– Олимпиадага биринчи жолу катыштым. 4 жылда 1 өтүүчү бул дүйнөлүк мелдешке катышсам деген тилегим орундалды. Бээжин Олимпиадасындагы Канат менен Русландын ийгилигинен кийин мен да медаль утсам деп каалачумун. Тилекке каршы, медалга жетпедим. Кудайдын буйругу экен, болбой калды. Жалпысынан Олимпиада аябай жакты.
– Биз сенин күрөшүңдү теледен көрүп жан тартып жаттык. Бизге көрүнбөгөн, билинбеген жактарын өзүңдөн уксак...
– Чүчү кулактан кийин агайым келип, «биринчи беттешиңди мыкты өткөрүшүң керек. Ирандык балбанга туш болдуң» деди. Менде Олимпиададагы бардык атаандаштарымдын кармаштарынын видеолору бар. Кечинде бөлмөмө кирип видеолорду көрүп, даярданып чыктым. Ирандык спортчу менен 3 жыл мурда Украинадагы эл аралык мелдеште күрөшкөм. Ошондо чечүүчү бөлүмдө килемдин сыртына сүрүп чыгарып, жеңишти илип кеткен эле. Ошондон бери аны менен күрөшсөм деп күтүп жүргөм. Олимпиадада жолуктук. Жеңем, реванш алам деп катуу аракет жасадым.
– Эмнеден жаза бастым деп ойлойсуң?
– Эми ката кетирдим деп айта албайм. Партерде тура албай койдум. Анан ойлоп калдым, салмакты көбүрөөк кууп койбодумбу, ошол да терс таасирин тийгизип калды окшойт деп. 6 айдын ичинде өлкө чемпиондугунда, кийин Казакстан жана Финляндияда өткөн лицензиялык мелдештерде салмак куудум. Анан Олимпиадада куудум. Энергиямдын баарын ошол жакка сарптап алдым окшойт. Балким, өткөн жылы күзүндө Түркиядан эле жолдомо алып койсом, Лондонго энергия сактап бармакмын. Негизи, Олимпиадага жолдомо утканымды деле жетишкендик деп эсептейм. Бул мен үчүн биринчи Олимпиада болду. Буюрса, кийинкилеринде ийгилик жылмаят деп ишенем.
– Бирок жеңилгениң менен сени жеңген атаандашың финалга чыгып, сага 3-орун үчүн күрөшүүгө жол ачып бербедиби...
– Ооба, утулуп калгандан кийин атаандашым финалга чыкса экен деп «болеть» этип жаттым. Мен күткөндөй эле финалга чыкты. Чемпион да болду. Өзүмдү таштап салбай, күчүмдү топтоп турдум. Чынын айтсам, анын финалга чыгарын билгем. Канчалык аракет кылсам да негедир күрөш жүрбөй, күрөшө албай койдум. Анын себебин азыр да толук түшүнө элекмин. Эми салмак кууп кыйналбай 60 килограммга өтүүнү чечтим.
– Жеңилип калгандан кийин кандай ойлор жаралды?
– Олимпиаданын алдынан «балбандардан медаль келет, үмүтүбүз чоң» деп күтүп жатышпады беле. Аэропорттон да ажиотаж менен узатышкан. Утулар замат үмүттү, ишеничти актай албадым деген ойлор келди. 4 жылда 1 келчү мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып алдым деп өзүмө кыжырым келди. Эч ким жок жакка барып, жашынып алып намыстанып ыйладым.
– Ушул тапта спортчуларыбыздын Лондондогу «эрдиктерин» талкуулоо кызуусунда. Баары эле ким күнөөлүү деген суроого жооп таппай убара. Бул боюнча сенин оюң кандай?
– Туура, жок дегенде 1 медаль утсак жакшы болмок. Баары колдоодон эле көз каранды го. Мисалы, коңшу казактарды алсак. 7 алтын медаль утушту. Эмнеге? Анткени колдоо зор. Эми биз экономикалык жактан андай даражага жете элекпиз да.
– Коомчулукту кызыктырып жаткан дагы бир суроо: Олимпиадага сенин жеке машыктыруучуң барыптыр, Данияр Көбөновдуку барбаптыр. Эмне себептен мындай болгонунан кабарың барбы?
– Жок, албетте. Ким барат-барбайт чоңдор чечет да. Данияр байке барсын дегенде деле ал чечпейт. Негизи, жеке машыктыруучу барыш керек. Мүмкүн, Данияр байкенин жеке машыктыруучусу барса, башкача болмок. Анткени ал Данияр байкени кичинекейинен билет. Пайдалуу кеңештерди бермек.
– «Көбөнов менен Эралиев Олимпиададан кийин ичип кетиптир» деген кептер тарап кетти. Данияр байке менен байланышып турасың да?..
– Данияр байкенин бир сөзүн уктум, «болду, спорттон кетем» деген. Бирок аныгын билбейм. Келгенден бери өзү менен деле сүйлөшө элекмин. Телефону өчүк. Ар ким чалып ар нерсе деп жатат. Анан телефонун өчүрүп коюп, тынч эс алып жатса керек. Эс алуу үчүн Америкага кетип калышы да мүмкүн. «1-2 ай жүрүп келем» деп айтканын угуп калгам. Бизди ичип кетти деген кептер – болбогон ушак.
– Силерге психолог жетишпей калган жокпу?
– Мүмкүн. Ал жактан мага Канат Бегалиев чоң жардам бермек. Аябай дух берип салчу да. Анын айткандарынан кийин каалаган атаандашты жеңип салчудай күчтөнүп калар элем. Мисалы, мен ар бир беттештин алдынан Канат байкеге чалып, кеңешип жаттым. Эгер жанымда болсо абдан жакшы болмок. Билишимче, аны башында барасың деп, кийин квота жетпей калды деп коюшуптур чоңдор. Бирок Лондондо биз тааныбаган тияк-бияктар деле жүрүштү. Алардын ордуна Канат байке барса абдан пайдасы тиймек.
– Олимпиадалык шаарчада кимдер менен коңшу турдуңар? Мейманкана, тамак-аш жагынан маселе жаралган жокпу?
– Тамак-аш жагынан эч кандай маселе жаралган жок. Кытай, европа, корей жана башка ашкана тамактары болду. Жалпысынан уюштуруу жогорку деңгээлде өттү. Олимпиадалык шаарчада болсо казактар менен бир короодо жашадык. Чогуу жайгаштырышыптыр.
– Казак туугандар табиятынан мактанчаак келишет дешет. Жайнатып медаль алып жатышса мактанып, силерди өксүткөн жокпу?
– Биз, балбандар 2-августта бардык. Ал убакта алар 4 алтын медаль жеңип коюшкан экен. Эч кандай мактануу болгон жок. Тескерисинче, бири-бирибизди колдоп, ийгилик каалап жүрдүк. Балбан жигиттер менен сүйлөшүп отуруп калдык да. «Ай, жаман болуптур, медаль болбой калдыбы?» деп айтып жатышты. Айтылуу Даулет Турлыханов да ирандыкка утулуп калганымдан кийин «3-орунга жакшылап күрөш» деп айтты. Аракет кылдык, эми болбой калды.
– Бош убактыңарда эмне менен алек болуп жаттыңар?
– Жеке мен жеңилгенден кийин эки күн өзүмө келе албай, эч жакка чыкпай, бөлмөмдө жаттым. Башка спорт түрлөрү боюнча таймаштарды деле кызыгып көргөн жокпуз. Олимпиада жабылганга чейин күрөш болгондуктан, күрөш эле көрүп жүрдүк.
– Үйдөгүлөр менен телефон аркылуу байланышып жаттың да?
– Ооба, байланышта болдук. Сүйлөшсөк эле алар «элдин баары кейип жатат, силерден үмүтүбүз чоң болчу» дешет.
– Аны уккандан кийин ого бетер жаман болдуң...
– Айтпа. Эл бизге ишенип жатса, эч нерсеге жарабадык. Негизи, жаман эле болду. Данияр байке же мен жок дегенде 1 медалга илинсек жакшы болмок да.
– Усэйн Болт, Майкл Фелпс сыяктуу мегажылдыздар менен таанышып, сүрөткө түшкөн жоксуңбу?
– Ал экөө жалпы олимпиадалык шаарчада жашашкан жок. Өзгөчө бир жерде жашашты. Эми алар чоң жылдыздар экен да. Луис Суарес, Неймар деген футболчулар жүрүштү. Ишенесиңби, утулуп калгандан кийин андай нерселерге көңүл болбой калат экен. Эч ким менен сүйлөшүп, сүрөткө түшкөн жокпуз. Ошентсе да бир күнү ошол жакта окуган мекендеш бир кыз «кечке кейий бересиңерби, жүргүлө» деп Лондонду көргөзүп, шаар айлантып келди.
– Жеңилип калган үчүн өзүңдү күнөөлүү сезесиңби?
– Албетте, күнөөлүү сезип жатам. Азыр телефонду алгандан коркосуң. Чалып алып «минтсеңер болмок, антсеңер болмок» дегендер көп. Эми биз деле атайын утулган жокпуз да. Жеңиш үчүн колдон келген аракетибизди жумшадык.
– Ошондойдо жакындарың түшүнүп, колдойт болуш керек. Ата-энең, бир туугандарың жөнүндө билгим келип жатат...
– Таластын Өзгөрүш деген айылында туулгам. Атамдын аты – Кадырбай, көзү өтүп кеткенине беш-алты ай болду. Менин ийгиликтерге жетишип, балбан болушума атамдын салымы зор. Ар тараптан колдоп турчу. Бир мелдешке аттанып жатсам, атайын айылдан бал, чучуктарды алып келип берчү. Апамдын аты – Сагын, мектепте мугалим болуп иштейт. Үй-бүлөдө 5 бир тууганбыз. Эң улуусу менмин. Менден кийинки иним Магомедди атам ооруп жатканда үйлөндүрүп койгонбуз. Айылда үй тиричилиги менен алектенет. Аида, Альбина аттуу карындаштарым шаарда окушат, менин колумда. Кенже иним Арлен 7-класста окуйт. Айылда күрөш менен машыгат, буюрса, шаарга апкелип, спорт мектебине окутам деп жүрөм.
– Апаңды качан келиндүү кылайын деп жатасың?
– Азыр оюмдун баары спортто. Дүйнө чемпиону болууга көзүм жетип жүрөт. 3 ирет Дүйнө биринчилигин көрдүм. Дагы экөөсүнө катышып, ошондой эле 2014-жылкы Азия оюндарына барсам, ушул 3 мелдештин биринен жок дегенде натыйжа жаратсам дейм. Буюрса, 2 жылдан кийин, 27 жашымда үйлөнөм деген ниетим бар.
Базарбек Абдураимов