ЫРЧЫ-ПРОДЮСЕР ЧЫРЫ же араздашууга ким күнөөлүү?

Учурдагы ырчылардын көпчүлүгүн сахнага алып чыккан продюсерлер экени талашсыз. Кээ бирлер азыркыга чейин ийгиликтүү иштешип келатса, айрымдарынын ырдаганынан да чыры көп болду. Эмесе, өткөнгө бир кайрылып коюуну туура көрдүк.

МИРБЕК ПРОДЮСЕРИНЕН АКЧА КЫЗГАНГАНБЫ?
Мирбек Иманбеков «Таластык кыз» деп ырдап чыкканда таластык эмес, Чүй, Нарын, Оштун кыздары да акылынан кете жаздаган. Оо, анда Мирбектин гүлдөп турган учуру эле. Концерттен соң кол тамга сураган кыздар андан, көз жашын көлдөтө артынан чуркаганы мындан көп болчу.
Чынында, Мирбекти Мирбек кылган продюсери Асыл Апасова болду. Башында эне-баладай ынтымакташып жүргөн Мирбек менен Асыл айымдын ортосун көп өтпөй кара мышык аралаган. Дегеним, келишим убактысына жетпей ырчы жылдыз оорусуна чалдыкканбы же талантына алган акчасын бөлүшкөндү каалаган жокпу, айтор, продюсери менен чырдашып эле жатып калышкан. Сыягы, Мирбек жаңы чыгып жатканда мынчалык баш айланткан ийгиликке жетем деп ойлобосо керек. Ага болгон суроо-талап көбөйгөн сайын продюсерине да талаптарды көп коюп, акыры тандем ажырашуу менен аяктады. Анан, албетте, экөө иштешип турган убакта Мирбектин үй-бүлөлүү, бир кыздын атасы экенин ырчынын күйөрмандары таптакыр билген эмес.

ЭКИ ЖОЛУ ООЗУ КҮЙГӨН ЭСЕНГУЛОВА
Султан ырдаганда бирде жүрөк эзилип, бирде "айт-уйт!" деп бийлеп калчубуз. Бул баланы сахнага жетелеп чыккан Динара Эсенгулова болгон. Экөөнүн тандеминин ийгилигин мындан билиңиз, жыл айланбай 2-3 күндөп концерт койсо да эшиги жык толо көрөрмандар батпай калчу. Анан эле бир күнү Султан продюсерине нааразычылыгын айтып, капа болду да калды. Кыскасы, экөө бир урушуп, кайра жарашып, болбоду окшойт, кайра "ажырашты".
Айдин Шер деген кашы чийилген жигитти унутуп калбасаңар керек. Ал да бир убакта ырчы болуп күйөрман күтүп калган. Продюсери ага жеке концерт өткөрүп берем деп балээге калды көрүнөт. Концерт өткөндөн кийин тамашанын баары башталды. Бир сөз менен айтканда, чырдын түбү барып баягы бүтпөс маселе – акчага такалды. Айдин ортого апасын да аралаштырып, экөө катуу кетип соттошконго чейин барышты. Азыр эми "сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет" деген сөздү Динара айым карманып, эч ким менен иштешпей калды. Ооба, Бегимай Эсенгулова менен Зари аттуу кыздары турмушка чыгып, ырчылык эмес, үй-бүлө деген сахнада жүрүшөт.

ДАЙЫР КАНАТТЫ ТОГОТПОЙ КОЙГОНБУ?
Радиодо ди-джей болуп иштегенинен пайдаланам дедиби же чын эле продюсерлик шыгын байкап көрөйүн дегенби, айтор, Канат Кадыржан Нурлан Насип, Дайыр Исмадияров менен иштешип, аздыр-көптүр атын элге таанытып койду. Жакшы эле иштешип келаткан жеринен шайлоо учурундагы ырдап тапкан акчасын бөлүшө албай Дайыр менен Канат эки жолго түшүшкөн. "Мен Канатсыз деле иштеп кете алам" деп продюсеринен Дайыр баш тартты. Нааразы болгон эки тарап азыркыга чейин өздөрүнүн бир кездеги пиар жүрүштөрүн бири-бирине шылтап бүтө алышпайт.

ГҮЛЖИГИТ ЧЫН ЭЛЕ ПРОДЮСЕРИН САБАГАНБЫ?
Азыр «Ошко сапар» деген ыры менен популярдуу болуп жаткан Гүлжигит Сатибеков мурун жалаң эле муңдуу ырларды ырдачу. Кийинчерээк ал да башкалардан кем калбайын дедиби, Диля деген айым менен иштеше баштаган. Продюсери жакшы эле колдоп келатып, бир кезде "мени Гүлжигит сабап салды" деп арызданып чыкты. Ырчы да жөн калбай "мен продюсериме кол көтөргүдөй Кудаяр хан белем?" деп жооп кайтарган. Экөө ошентип элге мамилелерин жарыя кылып ажырашып, кайра бири-бирине сый мамиледе болуп чыга келишти. Боштондукка чыккандан кийин мурунку муңга баткан Гүлжигит жок, тамашалуу ырларды аткара баштады. Сыягы, жүрөгүн өйүгөн маселелер да продюсери менен кеткен көрүнөт.

ТЕМИР КАНАТТЫН ШАГЫН СЫНДЫРГАНДА...
«Оо, туулган же-ер» деп секире бийлеп Темир бир дүң болду эле, чиркин! Ал Канат Култаевдин продюсерлигинен чыккан алгачкы таланттуу жигит эле. Ырчы күйөрман кыздары кол тамга сураса берип, көңүлүнө жакпай калса басып кетип жүрдү. Бир маалда эле шоу-бизнесте күбүр-шыбырлар пайда болуп, Темир «атасын» каралай баштады. Акыры соттошкону аз калып, Темир менен Канат таарынышып, ырчы Ошко кетип тынды. Кийин гана үйлөнгөн соң жүрөгү ордуна түштү белем, "мен көрө албастардын сөзүнө алдандым. Билбейм, артка кылчайып ошол кезди такыр эстегим келбейт" деп Канат акесинен кечирим сурап, азыр кайра мамыр-жумур иштешип жаткан чагы.

ДАНА МЕНЕН АРТЫК АКЧА БӨЛҮШӨ АЛБАЙ...
«Кат жазды бала атага..» деп Сапар менен Артык муңдуу ырды созгондо баарыбыздын муунубуз бошой түшчү эле. Артык, Сапар дуэти популярдуу болуп турган кезде бир жолу жеке концертин берип үлгүрүп, атын жакшы эле чыгарып алышты. Ал кезде да аларга баш-көз болуп ары-бери сүйрөп жүргөн Дана аттуу айым бар болчу. Чынында, экөө дуэт катары ошол ырдан кийин оозго алынарлык ыр жаратышкан жок. Көп өтпөй ортодон чыр чыгып, чырдын негизги каармандары Артык менен Дана болду. Чырдын баары продюсери Артыкка берген пайыздын аздыгынан чыккан эле. Булар да бир дүң дей түшүп, аягында дуэт ыдырап, ар ким өз жолу менен кеткен. Бирок Дана айым Артыкка караганда Сапарга азыраак таарынган окшойт, дале ырчыга саламы түз.

БЕКЕР ЫРДАГАНДАН ТАЖАП ПРОДЮСЕРДЕН КЕТКЕН КАЙЫРГҮЛ
Назгүл Насыева деген эжекебизди баары билет. Ал Аида Кулуева, Эрмек Маматов жана Кайыргүлгө продюсерлик кылып жүрдү. Убакыт өтүп, Эрмек менен Аида продюсерсиз деле оокаты өтө берерине көздөрү жетти көрүнөт, таарынышып басып кете беришти. Азыр Эрмек үйлөнүп, уулдуу болуп, сахнадан алыс күн өткөрүүдө. Аида болсо өз арабасын өзү тартууда.
Ал эми Кайыргүлдүн ырчылыкка дымагы күч көрүнөт, элге жакшы ыр, клип тартуулады. Бирок ал да алыска кете алган жок. «Мени түрмөлөргө алпарып бекер ырдатчу» деп продюсер эжесине нааразылана ал да кийинчерээк сахнадан куйругун түйдү.

Санап көрсөк, продюсер менен иштешкендердин дээрлик көпчүлүгү араздашып тыныптыр. Ырчылар өз сөзүндө "мага кыйратып деле акча бөлчү эмес" деп нааразыланышса, продюсерлер"көөп кетти, ишенимди, короткон мээнетти, каражатты актабады" дешет.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

ШОУ-БИЗНЕСТЕ ПРОДЮСЕРСИЗ ИЙГИЛИКТҮҮ ЫРЧЫ БОЛУУГА МҮМКҮНБҮ?

Сыймык Бейшекеев,
КРнын Эмгек сиңирген артисти:
– Аткарган ырлары элдин жүрөгүнөн орун албаса, бир эмес он продюсери болсо да чыгармалары элге сиңбейт. Таланты болсо, продюсери жок деле ийгиликтүү ырчы болууга мүмкүн. Ал эми продюсер ырчыны жалкоо кылып салат.

Гүлнур Сатылганова,
КРнын Эл артисти:
– Продюсер сөзсүз керек. Продюсерсиз ырчылардын атагы чыкпай, ийгилик жарата албай жатышпайбы. Ансыз оор эле болот го. Мен ушул убакка чейин жалгыз ырдап келем. Ошондон улам продюсерим болсо деп ойлоп коём.

Эрлан Андашев,
ырчы:
– Эгер ырчы эмгекчил, тырышчаак болсо, эч кимдин жардамысыз эле ырдап, ийгиликке жетише алат. Бирөөнүн күчүнө ишенбей, өзүнө көбүрөөк ишениши керек. Балким, продюсерлер ырчылардын кыла турган ишине кысым кылышы мүмкүн.

Динара Акулова,
КРнын Эмгек сиңирген артисти:
– Мисалы, биз эч кимдин жардамы жок эле ушуга чейин ырдап келатабыз.Эми продюсери бар деле, жок деле иштесе болот. Продюсери барлар чыгармачылыгына убактысы көбүрөөк болушу мүмкүн. Ар ким өзүнүн ыңгайына караса керек.

Алекс,
ырчы:
– Продюсерсиз деле ийгиликтүү ырчы болгонго неге болбосун? Болот. Ар бир ырчы аракет кылып көп эмгектенсе, өзүнө деле жакшы да. Таланттуу адамдар буга чейин деле ырдап келишкен. Менин оюмча, продюсердин кереги жок.

Гүлзинат Суранчиева,
ырчы:
– Продюсери кыйын ырчылар деле бар. Ошол эле учурда жалгыз эле ийгиликке жетип жүргөндөр деле жок эмес. Андыктан продюсерсиз ийгилик жаратат же жарата албайт деп айта албайм. Бир тараптуу кылып айтуу кыйын.

Омар,
ырчы:
– Бул тармакты түшүнбөгөн киши ар кандай айтышы мүмкүн. Заманга жараша азыр продюсердин болгону жакшы. Эгер продюсер жок болсо, ийгиликтүү ырчы болууга мүмкүн эмес. Бир топ кыйын болуп калат.

Алмагүл Турдалиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
melkom
2012-08-27 10:28:28
Омар туура айтты продюсер керек эмес дегендер акчасын кызганат ал эми Сыймык Динара алар чон ырчылар аларга уже продюсер кереги жок!
0
melkom
2012-08-27 10:32:21
озу эн умный акылдуу Мирбек Атабеков анын хит болгон ырлары аябай коп даже азыркы убакта да жакшы жаны ырлары бар себеби ал дайыма продюсери менен иштеп келген дружный ошон учун !
+1
baku24
2012-08-28 16:52:54
melkom, adamdin nieti taza bolso peili ken bolso al produ'sersiz da propu,ser menen da ishteship kete alat. Mirbek Atabekov da oshondoi jigit
0
kizil
2012-08-27 12:19:31
daaaa produysser sozsuz kerek bolboso irchi baykush irdybi jeee??? degi ushunu jazgan adam azzamat eken jakshi temani tandaptir
0
AGAT
2012-08-27 12:35:24
kizil, сизге оозеки эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
elka_manas_kg
2012-08-28 10:23:24
en negizgisi talant boluw kekek, talantu adamdar e4 ka4an o4poyt, antkeni el ir4ini ir4i kilat, produser emes, misali Gulnur , Dinara ejeler el aldinan tuwpoi ele irdap keliwet, antkeni bular talantuu adamdar, azir emne kobu ele ak4anin ku4u mn irdap keliwet. Anan bat ele sve4aday bolup o4up kalat.
0
MaRmeLaDka
2012-08-28 15:38:47
Сыймык байкенин айткан сөзүнө толугу менен кошулам. Айрымдар дагы деле жүрбөйбү, эт менен челдин ортосунда, ырчы аты бар, бирок сапаты жок.
0
zema
2012-08-29 12:31:10
азыркы жашоодо кыйын продюсери жок болсо себеби продюсери жок которулуп кетсен сен жон эле башкалар кысып бара турган жерине жеткирип коет....
0
benka80
2012-10-12 06:59:32
оой чырларын жарыя кылбай урушса болмок
0
№ 512, 24-30-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан