ШИРЕ ЖАСООНУН СЫРЛАРЫ

Суусаганда муздак табигый ширеден бир стакан жутуп алсаң кандай сонун?! Табигый шире суусунуңду гана кандырбастан, организмди баалуу витаминдер менен азыктандырат эмеспи. Айрыкча кыш жана жаз мезгилдеринде. Учурда дүкөндөрдөн ширенин түрүн табууга болот. Бирок алардын табигый экендигине эч ким кепилдик бере албайт. Эң жакшысы, табигый ширени жай мезгилинде өз колубуз менен жасап, аны кышка сактап алуу керек.

АЛМА ШИРЕСИ
1. Жуулуп-тазаланган алмаларды 4 бөлүккө бөлүп, данектерин тазалайбыз.
2. Эт туурагычтан алманы өткөрүп, алынган массаны 1 сутка салкын жерде тыныктырабыз.
3. Эми электин же дакинин жардамы менен ширесин бөлүп алып, дагы эки күнгө тыныктырабыз.
4. Ширени тундуруп алып, сыр идиште 5 мүнөттөй кайнатуу керек. Анан дароо бууга кармалган банкаларга куюп, оозун бекитебиз.

ТОМАТ ШИРЕСИ
1. Жакшы бышкан, чириги жок помидорлорду жууп-тазалап, көлөмүнө карата 3-4 бөлүккө бөлүп алабыз.
2. Андан соң сыр идишке салып, 5-10 мүнөт кайнатабыз.
3. Кайнаган массаны электен өткөрүү менен данектеринен жана сырткы кабыгынан арылтабыз.
4. Даяр болгон ширени отко коюп, татымына жараша туз (1 литрге 1 аш кашык) салып, 5-10 мүнөт кайнатып, ысык бойдон бууга кармалган банкаларга куюп, оозун бекитебиз. Банкалар салкын жерде сакталат.

КАРА ӨРҮК ШИРЕСИ
1. Кара өрүктү жууп-тазалап, данегинен ажыратып алабыз да, мискейге салабыз.
2. Эми башка бир чоң идишке сууну кайнатып алып, ага кара өрүк салынган мискейди салып (буу ваннасы), ширеси чыкканча кайнатуу керек.
3. Мөмөнү жылуулай шире сыгуучу аппаратка салып, ширесин бөлүп алабыз. Эгер мындай аппаратыңыз жок болсо, анда электи же дакини пайдалансаңыз болот.
4. Бөлүп алынган ширени жай отто кайнаганга жеткирбей ысытып алабыз да, банкаларга куюп, оозун жабуу керек.

КУЛПУНАЙ ШИРЕСИ
1. Кулпунайды жууп-тазалап, атайын картошка эзгичтин жардамы менен эзип алабыз.
2. Боткого айланган кулпунайды дакиге салып, ныгыра сыгуу менен ширесин бөлүү керек.
3. Даяр болгон ширени кайноо температурасына жеткирбей (80-90 градус) ысытып, бууга кармалган банкаларга куюп, оозун бекем бекитүү зарыл.
4. Андан соң банкаларды температурасы 80-90 градусту түзгөн ысык сууда 20 мүнөт кармоо керек. Салкын температурада сактоо сунушталат.

ЖҮЗҮМ ШИРЕСИ
1. Жүзүмдү шиңгилинен ажыратып, таза жууп, сыр идишке ныктап салабыз.
2. Анан мөмөнүн үстүн көмгүдөй кылып суу куябыз.
3. Жай отто аралаштырбастан 10-15 мүнөт кайнатуу абзел.
4. Андан соң мөмөлөрдү сүзгүч менен сүзүп алып салабыз да, калган суюктукту бууланган банкаларга куюп, оозун бекитебиз.
5. Банкаларды этияттык менен көмкөрүп, муздаганча коё турабыз.

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
saya4ka
2012-09-04 10:39:13
томат ширесин ичким келип кетти... Мммааах! )))
0
aijash1
2012-09-10 11:17:18
жакшы кенештер экен чоон рахмат супер.
0
tatakozy
2012-09-20 13:34:08
Мен ичким келип кеттии.
0
Mekush87
2016-02-04 22:44:46
Ашкабак ширесин кантип жасоо керектигин билгим келет.Мумкун болсо жазып коюнкздарчы?
0
№ 513, 31-август-6-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан