2011-жылдын 1-сентябрынан 2012-жылдын 21-августуна чейин 62 миң 92 тонна төө буурчак чет мамлекеттерге экспорттолду. Булардын жалпы баасы 2 миллиард сомдон ашык. Мындай маалыматты Талас облустук мамлекеттик администрациясынын агрардык өнүктүрүү бөлүмү билдирди.
Төө буурчакты экспорттоо боюнча Таласта 61 жеке фирма жана жеке ишкерлер иштеп келишүүдө. Төө буурчакты эң көп колдонгон Түркия өлкөсү. Бул мамлекетке 34 миң 85 тонна жөнөтүлдү. Ошондой эле Таластын төө буурчагы Македонияга 631 тонна, Сербияга 2877 тонна, Болгарияга 12 миң 33 тонна, Хорватияга 105, Румынияга 893, Орусияга 7133, Иракка 791, Иранга 22, Казакстанга 716 тонна жөнөтүлгөн. Жалпысынан Таластын төө буурчагын 20дан ашык өлкө сатып алууга кызыкдар.