Талас районунун Ак-Сай айылынын тургуну Айдарбек Кутманалиев мындан 10 жыл илгери жалпысы 25 гектар келген адырлуу жерге мөмө-жемиштүү бактардын 32 түрүн, декоративдүү дарактардын 29 түрүн отургузуп, дендро сейил багын уюштурган эле.
Азыр алар мөмө-жемиш бере баштаган кези. Мындай уникалдуу, ар түрдүү дарактардан турган кооз сейил бак республикабызда жок.
Быйылкы жылы Талас райондук мамлекеттик администрация башчысы Байрак Сейдибалиевдин буйругу менен райондо «2012-жыл – Эр Солтоной жылы» деп аталган. Санжырачылардын айтымында, 18-кылымдын орто ченинде Таластан чыккан Эр Солтоной кыргыз баатырларынын башын бириктирген. Аларга аскер өнөрүн үйрөтүп, калмак-кытайларды жергебизден сүрүп чыгарганга зор салым кошкон. Кыргыз элин чет душмандардан коргогон Эр Солтонойдун урпагы Айдарбек Кутманалиев өзү түзгөн дендро сейил багын Эр Солтоной атындагы Айдарбек сейил багы деп атады.