ТАЛАСТА БИР КҮНДӨ 3 ЧОҢ САЛТАНАТ

25-август күнү Талас облусунда 3 салтанаттуу иш-чара өттү. Биринчиси Талас шаарында Апрель революциясынын баатырларынын аллеясын ачуу, экинчиси Кара-Буура районунун борборунда Ч.Айтматовдун айкелин ачуу, үчүнчүсү Кара-Буура районунун Чолпонбай айылында Ч.Түлөбердиевдин курман болгондугунун 90, эрдик көрсөткөндүгүнүн 70 жылдыгын белгилөө.
Үч аземдин тең ачылыш салтанатына жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн тышкары премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов жана башка бир топ мамлекеттик чиновниктер катышты.
Ч.Түлөбердиевдин мааракесинде күрөш оюнунда алдыга озуп чыккан жеңүүчүлөргө автоунаа баш болгон байгелер тапшырылды. Салтанат түштөн кийинки 5:30дарда башталып, түнкү 12лерге чейин уланды. Эртеден кечке талаада төө буурчак жулуу менен алек болгон эл салтанаттын арты менен жакшылап эс алып, концертке карк болушту. Ырчылардан Курал Чокоев, Ильяз Андаш жана башкалар болушту.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Kubanychbekkagan
2012-09-03 09:23:09
АЙласы куруган Бабанов эстелик ачып элдин конулун алайын деген экен да байкуш. Акчанын артынан тоголонбой ак иштеп койсо, жузу жарык журот эле да корунгон бир майда ишти жасап аны интернет аркылуу кайра-кайра пиарлап мактанбай. Кызыл кызыл кекиртек, далай жерге секиртет деген ушу да.
0
nasi
2012-09-07 12:03:06
Kubanychbekkagan, сен аны кайдан билесин Бабанов чын эле жедиби жээ жалган жалаабы, ал озунун жумушун жакшы жасап келаткан, жыйынтыгы чыкканча чыркырап жиберишти го,ботом бала деле 9айда торолот ко дагы 1 ай коё турушса болмок,ааа Бабанов жеди дегенге мен кошулбайм анын и так байлыгы ашып тышып турат, ошол кенедей ат учун жумушунан тушуруш балабакчадагы балдардай эле биздин окмот, уят
0
Kroxa
2012-09-05 14:47:33
эл баатырлары учун коюлган эстеликтер жакшы....
0
№ 513, 31-август-6-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан