Улуттук илимдер академиясына караштуу Сейсмология институтунун билдирүүсү боюнча, Нарын облусунда 27-август күнү таңкы саат 6:30дар чамасында 4,3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Зилзаланын очогу Нарын шаарынын түштүк-батышынан 40 чакырымда, Куланак айылынан 10 чакырым алыстыкта жайгашкан.