Бишкек-Торугарт жолунун 114-чакырымында 30-40 метрдик бийиктиктен унаа сууга кулап түшүп, кырсыкта 26 жаштагы Кытайдын жараны Ма Чо каза болду. Анын машинасы «Хунликан» кытай фирмасына таандык болуп чыккан. Көз жумган кытайлык жигиттин сөөгү кырсык болгон жерден эки чакырымдык алыстыктагы Чолок айылынан табылган. «Автоунаанын айдоочусу, 50 жаштагы Кытайдын жараны Шин Йижандын тагдыры башында белгисиз эле, 28-август күнү укук коргоо органдарынын кызматкерлери анын сөөгүн Кемин районунан табышты»,- деп жазылат Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында.