ДЕН СООЛУК

«Алиги» жөнүндө сурасаңыз...

Эч кимге ооз барып айта албаган, олуттуу жооптуу талап кылган, ден соолук жаатындагы жүрөк өйүгөн суроолоруңуз болсо, бизге кат жазыңыз. Сизге тажрыйбалуу медицина кызматкерлери жооп беришет.

Кыздар жыныс кыны, жатыны жок да төрөлүшөбү?

– Курбум да мен сыяктуу 15 жашта. Анын этек кири келбегендиктен, апасы врачка алпарса, “жыныс кыны менен жатыны тубаса өспөй калган” деп айтышыптыр. Эми курбум төрөбөй да калабы?

Айзат, Бишкек шаары.

– Ооба, мындайлар кездешет (5000 кыздын бирөөсү). Жыныстык жашоого аралашуу үчүн андай кыздар пластикалык операцияга баруулары керек болот. Операцияда ичегиден кичине кесип алып, андан жыныстык кын жасап, керектүү жерге жайгаштырышат. Ошентип, бой жеткенде ал кыз турмушка чыгып, жыныстык жашоодо жашоого мүмкүнчүлүк алат. Болгону, медицинада жасалма жатын жасалбагандыктан, балалуу боло албайт.

Бөдөнөнүн жумурткасы эркекти сексуалдуу кылабы?

Өзбек таанышымдан “бөдөнөнүн жумурткасы эркекти төшөктө айгырдай кылып коёт” дегенин угуп, аны колдонгум келүүдө. Бирок анын чын-төгүнүн билбей жатам. Ушул жаатында маалымат берип койсоңуздар.

Куке, Жалал-Абад шаары.

– Бөдөнөнүн жумурткасын дайыма жеп жүрсө, делебени козгоп, белге күч-кубат берерлиги анык. Мындан тышкары, төмөнкүлөрдү да билип алсаңыз болот:
Жийдени жесе же аны компот катары кайнатып ичсе, эрендигин кармай албай калгандарга шыпаа болот.
Бел кубаты алсыз адамдар түрптүн 60 граммын абдан майдалап, күнүгө 5-10 граммдан 2 жолудан жеп жүрүүсү керек. Муну 1 апта кайталоо зарыл.

Этек кири көп келгендердин кыздыгы калың болобу?

– Жыл өткөн сайын кыздык чел кабык (гимен) калыңдап кетет дешет. Анын үстүнө, “кыздыктын калыңдыгы этек кирдин аз же көп келгенине жараша болот имиш” деп да уктум. Мунун канчалык чындыгы бар?

Венера, Кара-Балта шаары.

– Кыздыктын калыңдыгы тууралуу айрым окумуштуулар “этек кирдин аз же көп келишине жараша болот” деп далилдешет. Мисалы, айызы 5-6 күн келгендердин кыздыгы катуураак, ал эми этек кири 4 күндөн ашпагандардыкы чоюлчаак, назигирээк болот экен.
“Жыл өткөн сайын (25-26 жаштан кийин) кыздык чел кабык калыңдайт” деген да маалыматтар бар. Анын үстүнө, одуракай да болуп калышы мүмкүн экен. Андыктан турмушка кеч чыккандарда биринчи түндө кыздыктын айрылышы бир аз кыйыныраак болушу ыктымал.

70-80 жаштагы эркек балалуу болуусу мүмкүнбү?

– Мен эл арасында “Алтымыш, Жетимиш деген ысымдарды алып жүргөндөр атасынын 60ка же 70ке чыкканда көргөн балдары” деп айтылгандарын уккам. Ачыгын айтсам, таң калам жана бир жагынан ишенбей кетем. Эркек 60, 70, ал тургай 80, 90 жашка чейин урук бере алышы мүмкүнбү?

Жапы, Ош шаары.

– Табиятта адам баласына белгилүү өлчөмдө резерв берилет. Эгерде жашоо-шарты жакшы, көңүлү ачык, нерв системасы соо, мүнөзү токтоо болсо, 70-80 жашында деле адамдын урук клеткалары тукум берүүгө жөндөмдүү абалда болот. Жетимишбай, Сексенбай дегендер буга мисал катары. Картайганда да балалуу болгусу келгендер жаш кездеринде аялдарга ашыкча жүгүрбөй, резервин үнөмдүү пайдалангандары оң.

Күйөөмдү жуунбагандагы жытым дүүлүктүрөт...

– Турмушка чыкканыма 2 жыл болот. Алгач шарты жок үйдө жашадык. Ванна болбогондуктан, түнкүсүн жууна албай, эртең менен жуунчумун. Күйөөм бара-бара ошол жытка көнгөнбү, айтор, азыр үйдө ванна бар болсо деле мени “жуунба, мени ошол жуунбаган жытың дүүлүктүрөт” деп түндө жуундурбайт. Ушундан улам “күйөөмдүн психикасы бузулуп баратабы” деп ойлоп кетем. Буга сексологдор кандай карашат?

Гүкүн, Бишкек шаары.

– Кээ бир сексологдор “эркектердин 30 пайызын жуунбай тургандагы аялдардын аласынан чыккан жыт дүүлүктүрөт” деп маалымдашат. Чындыгына келсек, эркектерди жуунбаган дененин жыты эмес, аялдын табигый жыты дүүлүктүрөт. Ал үчүн аялдар душка, ваннага түшкөндө жыпар жыттуу каражаттарды, ошондой эле дезодоранттарды колдонбошу шарт. Анткени аялга таза да болуу, күйөөсүнө да жагуусу керек эмеспи. Андыктан сиз ушул кеңештерди эске алыңыз. Күйөөңүз мында да болбосо, анда түнкүсүн жуунбай, эртең менен эле жуунсаңыз эч нерсе болбойт. Жыйынтыктап айтканда, күйөөңүздө бардыгы жайында демекчибиз.

Үйлөнгүчө түктөрдөн кантип арылам?

– Жука чурайымдагы түктү жулбай кыра бергендиктен, түктөр көбөйүп, мурда түк жок жерлерге (жан-жагына) да чыгып калды.

Түктөрдү атайын чыгарылган каражат менен эмес, үй шартында эмне кылып жоготсо болот? Анткени жакында үйлөнсөмбү деп турам.

Кубан, Токмок шаары.

– Элдик медицинадан колдонуп көрүңүз.
Керексиз, ашыкча түктөрдөн кутулуу үчүн кумшекерди алтын түстүү болгонго чейин кайнатып, анан ага лимон ширесин аралаштыруу керек (аралашманын эки бөлүгү кумшекер, бир бөлүгү лимон). Даяр болгон аралашма жылуу боюнча ашыкча түктөрдүн үстүнө сыйпалат. Кургай түшкөндө дагы 2-3 ирет кайталап сыйпоо керек. Анан сыйрыңыз.
Июнь айында быша элек (көк) жаңгакты алып, аны кесип, ширесин ашыкча түктөрдүн үстүнө сыйпоо керек. Муну 3-4 жолу кайталоо керек.
Эгер көк жаңгакты таба албасаңыз, анда жаңгактын кабыгын өрттөп, күлүн сууга нымдап алып, түктөргө сыйпоо кажет.

Кырктагы эркекке сойкунун эмне кереги бар?

– Мен жакында эле күйөөмдүн анда-санда сойкуларга барарын уктум. Угарын уктум деңизчи, бирок күйөөлөр 40тан ашкандан кийин сойкуларга эмне үчүн барарын ойлоп башым жетпей жатат.

Аку, Бишкек шаары.

– Изилдөөлөргө кайрылсак, 40 жаштан ашкан үйбүлөлүү эркектер деле денесин саткандардын кызматын пайдаланышат. Алардын кээлери: «Мен аялым менен коңшу катары гана жашайм. Ойнош издегенге убактым жок. Арга жоктон сойкуларга барам».
Дагы бирөөлөрү: “Сойкулар менен төшөктө каалаганыңдай, түрдүү позаларда болосуң. Ошол үчүн да барасың”,- дешет.
Калгандары: “Үйбүлөдө идиш-аяк кагышып, стресске батканда сойкуларга барсаң жакшы эс алып каласың. Бирок аялың менен табышкан соң сойкуларга баруу өзүнөн-өзү токтойт”,- дешет.
Эми кеңешке келсек, эгер күйөөңүз сойкуларга барып жатканын уксаңыз, биринчиден, күйөөңүз сизге жыныстык жактан оору жугузган-жугузбаганын билүү үчүн анализ тапшырууңуз керек. Экинчиден, стресстен чыгуу максатында психотерапевтке кайрылыңыз. Күйөөңүз менен чатак чыгарбай эле койгонуңуз оң. Андан көрө күйөөңүздү төшөктө эмнеликтен канааттандырбай жатканыңыз тууралуу ойлонуңуз. Позаларды колдонуудан уялбаңыз. Эскерте кетүүчү нерсе, үйбүлөлүү эркектерде сойкуларга карата эч кандай сезим жок болот. Болгону, төшөк кумарын каалагандай кандырууну гана ойлошот. Андыктан баарын өз колуңузга алыңыз.

Күйөөм төшөктөн качып күйдүрүүдө...

– Күйөөм экөөбүздүн үйлөнгөнүбүзгө 4 жылдын жүзү болду. Акыркы убактарда ал төшөктөгү милдетин аткаруудан баш тартууда. Жатканыбызда аны кучактап эркелете баштасам эле “мени жөн койчу, башым ооруп жатат” дечү болду. Алгач күйөөмдү аяп, анальгин берчү болсом, кийинки кездерде анын башы ооруп жүргөндүгүнөн шекшип жатам. Мүмкүн, ал ойнош таап, “башым ооруйт” деп шылтоо кылып жаткандыр. Же жаңылышамбы?

Эля, Бишкек шаары.

– Күйөөңүздүн “башым ооруйт” дегени чындык болуусу толук мүмкүн. Анткени цефальгия (шакый) оорусу айрымдар ойлогондой аялдарга эмес, көбүнчө эркектерге тиешелүү. Болгондо да 20-30 жаш курактагыларга. Бул оору сексуалдык каалоону басып коёт. Күйөөңүздүн башы көбүнчө кечкисин ооруса, анда организмдин биологиялык ритмин эске алып, сексти эртең мененкиге же убакыт болсо түшкө жылдырсаңыздар болот.

Венера КАМАЛОВА
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Zhenishbek.kyrgyz.2014
2013-12-10 20:52:53
Бел суусун бир жумала 2-3 жолудан чыгаруу эмне зыйан алып келет?
Женя Бишке.
0
Sava87
2014-02-25 23:37:44
Биздин уй було курганыбызга бир жарым жыл болуп калды мага жакпаган жери ал абдан жабыша берет аны бул адаттан Кантип арылтууга болот
0
Elnuram090
2014-04-21 11:55:58
Жабыша берсе эмнекен ?сага жакпай затабы значит сенин конулун жок.
0
№ 337, 17-23-апрель, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан