Нарын шаарынын 64-аймагынан РТС чөлкөмүнө чейин уланган жолду толугу менен оңдоо иштери башталды. Баш-аягы 1,5 чакырымдык жолдун реконструкциясынан тышкары 5 көпүрө да оңдолот. Бул тууралуу мэриялык басма сөз кызматы кабарлады.
Жолду оңдоо боюнча «ОО Строй» ЖЧКсы курулуштун тендерин утуп алып, учурда мурунку асфальт алынууда. Реконструкциялык иштерге республикалык бюджеттен 30 миллион сом бөлүнгөн. Ал эми курулуш мекемесинин жасап жаткан иштерин Нарын шаарынын Өнүктүрүү жана курулуш дирекциясы көзөмөлгө алган.