Нарын облусунун Кочкор айылында 29-августта Ооганстан согуш ардагерлеринин кеңеши тарабынан аскерлердин эстелиги орнотулду. Ачылыш салтанатына Коргоо министри, ЖКнын депутаттары, Талас, Баткен, Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл дубандарынан келген ардагерлер уюмунун делегациясы катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө согушта уулдарын жоготкон энелерге сыйлыктар тапшырылды.
Маалымат үчүн: Кочкор районунан Ооганстандагы согушка 129 киши аттанып, анын төртөөсү кайтпай калган. Ал эми түрдүү жаракат алган 17 адам мекенине келип көз жумган.