ЭФИРДЕ НАРЫН ТV. КАНДАЙ СААМАЛЫКТАР КҮТӨТ?

Теңир-Тоонун эли өткөн аптада тарыхында алгачкы ирет өз телеканалына ээ болду. Атайын бөлүнгөн жыштык аркылуу көрсөтүп жаткан жергиликтүү телеканал жакын арада көрөрмандарын кандай программалары менен кубантары тууралуу Бейшенбек Калыков ой бөлүштү.

Нарын облустук телерадио көрсөтүүсүнүн директору Бейшенбек Калыков 27 жылдан бери ушул тармактын казанында кайнап, ысык-суугун бирдей тартып келет. 1956-жылы Ат-Башы районунун Казыбек айылында туулган Бейшенбек мырза Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган. Окуусун аяктаар жылы Кыргыз телерадиосунун «Балдар» редакциясына жумушка орношуп, анын жетекчилигине чейин көтөрүлөт. Кийин «Ала-Тоо» маалымат редакциясында эмгектенип, Жалал-Абад облустук телерадиокомпаниясында башкы директор болуп турган. 2006-жылдан бери Нарын облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясын жетектеп келет.

«АЗЫРЫНЧА ЭФИРДИН ЖАРЫМЫ – ӨЗҮБҮЗДҮН ПРОДУКЦИЯБЫЗ»
– Буга чейин Ысык-Көл менен Жалал-Абадда облустук телерадиокомпаниялар өз жыштыгында иштеп, ал эми Нарын, Талас, Баткен менен Чүй КТРКнын эфири аркылуу аптасына бир жолу чыгып келчү. Бул убакыт түрдүү чогулуш-жыйналыштар, губернатордун иш-чаралары менен чектелип калчу. Жогорудагы эки дубандын тажрыйбасын көрүп отуруп, парламентке чейин «ар облустун өз телеканалы болсун, эфирге күн сайын чыгып турсак» деген маселени коюп жүрдүк. Анткени борбор менен аймактардын ажырымы артып, жергиликтүү маалыматтар билинбей бара жаткан.
Акыры өтүнүчүбүз угулуп, 2011-жылдын бюджетине киргизилди. Бирок айрым тоскоолдуктар чыкты. Нарын тоолуу аймак болгондуктан, бардык беш районго тең кабылдап таратуучу жабдуу (передатчик) алууга туура келди. Ошол эле Ысык-Көл менен Чүйгө бирөө эле жетиштүүлүк кылат. Бөлүнгөн каражатты сарамжалдуулук менен пайдаланып, жабдууларды орнотууда адистерди чакырсак, чоң акча сурашты. Андыктан өзүбүздүн балдар менен чогуу, өз наамыма 50 миң сом насыя алып, аларды орнотуп чыктык.
Эфирге чыкканыбызга бир аптадай болуп калды. Кечки саат жетиден түн жарымга чейин уланып, эфирдин тең жарымы жамааттын программаларынан туруп жатат. Калган бөлүгү азырынча толук метраждуу тасмалар менен сериалдарга берилүүдө. Бүгүнкүгө карата башкы тапшырмабыз – сеткага кирүүгө болгон аракет. Чыгармачыл топ келе жаткан аптанын программаларын алдын ала даярдоо менен алек болууда.

«ЖАБДУУЛАР ЖАПЖАҢЫ, БИЗДЕГИ КАМЕРАЛАР КТРКда ЖОК»
– Телерадио көрсөтүүдө маа­ни­лүү шарттардын бири – жабдуу. Бул жагынан биз эң жакшы камсыз болдук. Кассеталар менен иштеген камераларды жыйнап, сан арип форматындагы 8 камера алдык. Андай КТРКда жок. Монтаждоочу 5 столду жаңырттык, алардын программалары да соңку версиялар. Мындан улам учурда техник, компьютерди жакшы билген адистердин тартыштыгы келип чыгууда. Автордук программаларда атайын эффекттерди колдоно албай, кээ бири жупуну чыгып калып жатат.
Телеканалдын рейтингин кө­тө­рүү үчүн маалымат топтомуна басым жасоодобуз. Күн сайын жа­ңылыктарды топтоого атайын кабарчылар менен операторлорду бөлдүк. Колдон келишинче «кечээ», «жакында» дегенден алыс болуп, «бүгүнкү кабарларга» чоң маани буруп жатабыз. Ошондо гана биз элдин купулуна толуп, кө­рүм­дүү­лү­гүбүз артат деп эсептейм.
Азыркы тапта жаңылыктар бө­лүгү 3-4 жолу кайталанып берилип, орточо бир саатты ээлөөдө. Андан сырткары 20 мүнөттөн турган эки циклдик программаларыбыз бар. Алар айыл чарба тармагына арналып, же актуалдуу маек менен бейнеден турат.

«ЖАШТАР ҮЧҮН АТАЙЫН БЕРҮҮЛӨР АЧЫЛАТ»
– Жамаатыбыздын бир топ бөлүгүнө жаштар ээлик кылышат. Жакында эле жыйналышта үч кабарчыдан турган топко атайын жаштарга багытталган программа ачууну тапшырдык. Ал ток-шоу же дискуссиялык клуб жанрындагы берүү болушу ыктымал. Бирок азырынча программаны өткөрүүчү жай, талап кылынуучу декорация менен интерьерге муктажбыз. Атүгүл телекөрсөтүүнүн өзүндө атайын ылайыкташылган студиябыз да жок.
Бактыбызга жараша, Жаштар сарайы ачылып калбадыбы. Анда жакшы жайлар бар, бир гана баннер жасатып алышыбыз керек болот. Буюрса, ар аптанын жума күнүн жаштардын темасына арнап, кызыктуу программаларды жасасакпы деп турабыз.
Кадрдык маселеге келсек, өтө курч деп айтпайм. Ооба, Нарын Мамлекеттик университетинде журналистика факультети жок. Бирок анын филология бөлүмүн аяктаган бүтүрүүчүлөр борбордогу ЖОЖдордо окугандардан кем эмес. Анын үстүнө Нарын облустук телерадиокомпаниясынын тажрыйбалуу журналисттери өздөрүнүн билгендерин үйрөтүп, кийинки муунга жеткиликтүү тү­шүндүрүп берүүгө даяр. Туура багыт көр­сө­түп, туура талап коюп, учурдагы телекөрсөтүүлөрдүн тенденциясы менен стандарттарынан артта калбасак болду.

Телеканалдын коомдук-сая­сий, экономикалык жана көңүл ачуучу программаларынын башкы редактору Нурзат Эсенканованы универсалдуу журналист деп атоого жарашат. 16 жылдан бери телекөрсөтүүнүн түйшүгүн тартып келген эфирдин жооптуу айымы менен кыскача маек курдук.

– Нарын TV өзүнчө жыштык аркылуу эфирге чыкканына бир апта болду. Кандай кыйынчылыктар орун алууда?
– Буга чейин республикалык телеканал аркылуу бир саат гана бөлүнгөндүктөн, биз жаңылыктар менен чектелүүгө көнүп калган экенбиз. Кеңири берүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жок, 60 мүнөткө баарын батыруу керек болчу. Анын кесепетинен өз көрөрмандарыбызды жоготуп алганбыз. Азыр эми эфир кенен-чонон, андыктан тележурналистиканын бардык жанр түрлөрүн колдонууга кириштик.

– Мисалы? Кандай программаларга басым жасалат?
– Унутулуп кеткен рубрикаларды жаңылайлы деп турабыз. Беш күндү өз алдынча тематикаларга бөлүп алдык. Алсак, биринчи күндү айыл чарбага, экинчини жаштар турмушуна, дем алыш күндөрүн болсо адабий чыгармачыл чөйрөгө арнайбыз. Эфирге чыккандан бери журналисттер жайбаракат жашоодон оперативдүү иштөөгө, чыгармачыл изденүүгө өтүп жатышат.

– Автордук программалар даярдалып жатабы?
– Мурун өзүмдүн «Тарых танбас барактар», «Коломто» деген берүүлөрүм бар болчу. Ал эми бир аптадан бери 7 пайыздык насыялар, техникалык салыктар боюнча тематикалык программалар көрсөтүлдү.

– Көрөрмандар өз пикирлерин айтууга жетиштиби?
– Күн сайын көчөдөн болобу же башка жактанбы, телеканалдын ишине кайдигер карабаган кишилердин пикирин алып жатабыз.

Эльвира Караева
naryn@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
konya
2012-09-05 17:01:29
Телеканалга ийгилик!!! Бир кезде Нарын телеканалын бир жума кутуп анан короор элек.
0
№ 513, 31-август-6-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан