«Тилегим ай», «Ыйладың неге?» аттуу чыгармалары менен эл көзүнө көрүнүп, учурда «Баткендик кыз» аттуу ыры менен популярдуу болуп жаткан Алтынбек Борошовдун гастролдоп жүргөн учуру экен. Учурдан пайдаланып «кыргызымдын кымыз жыттуу баласымын» деп сыздаган ырчы мырза менен маек курдук.
КЫМЫЗГА СУУСАГАН ЫРЧЫ ТУУРАЛУУ КЫСКАЧА
Туулган жылы – 1986 жыл, 20-март
Хоббиси – муз тебүү
Жактырган түсү – ак, кара
Жактырган тамагы – куурдак
Жактырган суусундугу – кымыз
Баалаган саясатчысы – Камчыбек Ташиев
Учурда – жеке ырчы, бойдок
Репертуарында 100гө жакын ыры жана 7 клиби бар
– Алтынбек, биздин шаарга кош келиптирсиз. Адегенде ырчылардын балалыгына көз чаптырмай салтыбызды четтеп өтпөйлү...
– Балалык дегенде эле баарынын көз алдына ата-энесинин жанында эркелеп жүрүп чоңойгон күндөр элестесе керек.
Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун Шекафтар шаарчасында чоңоюп-өстүм. Жаштыгымда шок элем, тентектенип көп жолу ата-энемден жеме укчумун. Бала көргөнүн кыла берет эмеспи. Кээде мас адамдарды көрүп алып, аларды туурайбыз деп оозубузга момпосуй салып мастын ролун аткарчубуз.
– Учурда «Баткендик кыз» чыгармаңыз менен популярдуу болуп жатасыз. Чын эле баткендик кызга ашык болуп калдыңызбы?
– Бул ыр мындан 3 жыл мурда жаралган. Баткен жергесинин Боз-Адыр деген айылына барып концерт коюп калдым. Концерт башталганча комуз ойноп отуруп эргүү келип кетип, бул ырдын кайрыктары жаралып калган. Сөздөрү бир аз башкача эле, кийинчерээк дагы иштеп чыгып, ушул ыр даяр болду. Баткен элинин меймандостугуна, кыздарынын чырайына арналып чыгарылган чыгарма болуп калды.
– Жүрөгүңүздүн ээси барбы?
– Бар болчу. Учурда жүрөгүм бош. Тилекке каршы, сүйлөшкөн кызым менен арабыз сууду. Кол үзүшкөнүбүзгө аз эле болду. Учурда жалгыздык калаасында эргүү көбүрөөк келип, чыгармаларымды кеңейтүү аракетиндемин. Негизинен, кайгыга муунуп, жан дүйнөң жалгыздыктан жабыркап турганда дээрлик кайгылуу ырлар чыгат экен. Бирок мен эми шаңдуу ырларды ырдап, кубаныч үстүндө эле жүрүүгө ниеттенип калдым.
– Кыздардагы баалаган сапатыңыз...
– «Аялзаты – үйдүн куту» дешет элибиз. Келечектеги жубайым ыйманы бекем болсо, токтоо, анан «кобра « болбосо болду дейм (күлүп). Ар кыз өзүнчө кайталангыс, өзүнчө сулуу, болгону, ар адамдын жакшы жагын ача билүү керек. Кыргызымдын кыздары ыймандуу келишет. Бардык кыргыз кыздарын жакшы көрөм.
– Чыгармачылык катышта жүрүп, кеңешип турчу санаалаштарыңыз барбы?
– Гүлжигит Сатибеков, Эмил Балтагулов, Замир Мырза сыяктуу ырчылар менен катташып, ар тараптуу кеңештерди алып турам.
– Продюсерсиз иштегендердин катарында экенсиз. Продюсердин жардамына муктаж болгон учурлар болду беле?
– Албетте, андай учур болбой койбойт. Ушул жылдын май айында Ош шаарында берген жеке концертимде баарына өзүм чуркап жүрдүм. Ошондо продюсерим болсо деп кейидим. Башка учурларда билинбейт деле экен.
– Чыгармачылыкта көңүл калтыруулар болбой койбосо керек...
– Чыгармачыл инсандарды түшүнө билүүнү баары эле биле бербейт экен. Кээде кимдир бирөөгө капа болгон учурлар болот. Бирок жаратылыштан ак көңүл жан экенмин, кечирип коём. «Убакыт бардык нерсеге даба» дешет. Анын сыңарындай, ал адамдар да качандыр жасаганына өкүнүп калышса керек. Тагдыр өзү баарын таразалап, жайына коёт.
– Ош коогалаңынан кийин өзбек-кыргыздардын араздашуусуна арнап чыгарган дастаныңыз элге кеңири тарап, талкууда жүрдү эле...
– Ош коогалаңында кепканы баса кийип алып эл арасында жүрдүм. Ал кездеги калктын көргөн күнү, түйшүгү мага даана белгилүү. Ошондон таасирленип, өзбек ырчысы Юлдуз Усмановага жооп кылып 9 мүнөттүк «Мен кыргыздын кымыз ичкен баласымын» аттуу дастан жазгам. Учурдан пайдаланып ушул ырдын жаралышына көмөгүн аябаган Гүлшайыр Садыбакасовага жана акын Шарапат Калмамат кызына ыраазычылык билдирип кетпесем болбос. Ал ыр менин жүрөгүмдөн чыккан. Аны чын дилим менен ырдагам. Ар ким ар кандай түшүнүктө кабыл алат тура. Ал ыр үчүн мага ыраазычылык айткандар аябай көп болду.
– Демек, патриотсуз?
– Албетте, патриоттук сезимдерим аз эмес, өтө күчтүү десем туура болот.
– Эргүү кандай учурда келет?
– Жаштыкта бардык нерсеге башкача көз караш менен карайбыз шекилдүү. Маанайым мыкты болгондо же кайгырган учурларда көбүрөөк ыр, обон жазам.
– Анда «Ыйладың неге?» аттуу ырдын жаралуусу жөн жерден эмеспи?
– Ал ыр кайсы бир деңгээлде менин турмушумду баяндайт. Өзүмдүн башымдан өткөн күндөрүмдүн күзгүсү. Бирок ал нерсе клипте жеткиликтүү болгон эмес.
– Саясатка кызыгасызбы?
– Албетте, журт тагдыры мени кайдигер калтырбайт.
– Жакынкы пландарыңыз...
– Рахман Разыков байкебиздин «Биз кайда баратабыз?» аттуу 10 мүнөттүк дастанына обон чыгардым. Жакында эл таразасына койгону турам. Чыгармачылыгымды дагы да өстүрүү максатында борборго кетип жатам. Буюрса, дуэт ырдайын деген ниетим бар. Тамашалуу ырым бар, ошол ырдын жүзүн ачып, анан да эски ырга жаңыча өмүр берүү максатында дагы бир ырды аткарып чыксам деп турам. Чыгармачыл инсандар менен тыгыз байланышта болуп, ырларымды элге кеңири жеткирүү максатында аракет кылмакчымын.
– Кызыктуу маегиңизге чоң рахмат. Чыгармачылыгыңызга ийгиликтерди каалайбыз.
Гүлжан Эшбаева
star@super.kg