КМШ өлкөлөрүнүн «Шериктештикте – тынчтык жана ден соолук» деген ураандын алдында VIII Эл аралык спорт оюндары Ысык-Көлдө 4-12-сентябрь күндөрү өткөрүлгөнү турат. Спорттун 18 түрү боюнча уюштурулуп жаткан бул мелдешке Орусия, Түркмөнстан, Азербайжан, Тажикстан, Казакстан, Украина, Беларусь жана Кыргызстандын спортчулары катышып, күч сынашмакчы. Мында гиря көтөрүү, жеңил атлетика, кичи-футбол, теннис, стол тенниси, аркан тартуу, сууда сүзүү, волейбол, суудагы волейбол, кол күрөш жана башка мелдештер камтылган. Мындан сырткары ар кандай иш-чаралар, «Ысык-Көл баатыры» жана «Ысык-Көл сыймыгы» сынактары да өткөрүлөт. Оюндар Чолпон-Ата шаарында жайгашкан Чыңгыз Айтматов атындагы «Рух-Ордо» маданий борборунда өтөт.