Мындай маалыматты «Данко» коомдук фондунун координатору Нурбүбү Керимова таратты. Анын айтымында, Ысык-Көл облусу боюнча адам баласын сатууга каршы акция жүргүзүлүп, ага 4 райондун жаштары жана Балыкчы шаарынын депутаттары, дин ишмерлери, облустук орган кызматкерлери жана мурдагы кулчулуктан бошонуп келген жарандар катышкан. Төрт айга созулган иштин жыйынтыгында облус боюнча 300дөн ашык адам сатуу фактысы катталып, анда адамдарды Орусия, Казакстан жана Түркияга кулчулукка сатылганы белгилүү болгон. Аталган фонд акциянын алкагында Сибирдин Ямал жарым аралына сатылып кеткен 40 адамды кулчулуктан бошотууга жардам көрсөткөн. Ошондой эле Казакстанда кой жана төөнүн арасында жатып кулчулукта жүргөн кыргыз балдардын бири Кыргызстанга качып келип, милицияга кайрылып, калгандары алардын кийлигишүүсү менен бошотулуп келгендиги маалымдалды. Нурбүбү Керимованын айтымында, Кыргызстандын «криминалдык базарында» адам сатуу баңгизаттарын жана курал сатуудан кийинки орунда турарын белгиледи.