БАҢГИЗАТ МЕНЕН 29 ЖАШТАГЫ АЯЛ КАРМАЛДЫ

Ысык-Көл облусунун Түп районунун 29 жаштагы тургуну баңгизатын сатып жаткан учурунда Түп райондук ИИБи тарабынан кармалды. Райондук ИИБге белгисиз айым баңгизат сатууга камданып жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Оперативдүү түрдө түзүлгөн ыкчам топ баңгизатын сатуучу айымдын өздүгүн аныктап, ал Түп районунун жашоочусу Т. аттуу айым болуп чыккан. Ыкчам топ сатып алуучулардын ролунда болуп, товардын баасы жана соодалашуу орду туурасында алгач макулдашышкан. 27-август күнү саат 1:30дар чамасында атайын түзүлгөн топ товарды сатып алуу үчүн сүйлөшкөн жерге келип, баңгизатын саткан айымды кармашты. Тинтүүдө жанынан баңгизат салынган, ар бири 208 граммды түзгөн 16 кутуча алынган. Кармалган жаран Түп районунун ИИБинин убактылуу кармоочу жайына камалып, кылмыш иши козголду.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
omo93
2012-09-03 14:01:46
бизде жашаш кыйын болуп калы биросу кыз зордойт биросу апасын олтурот биздин приздидент начар жакшы кармаса баары жакшы болот
0
Bombarbio
2012-09-03 20:19:13
наркотика менен кармалгандар кайра эле чыгып кетишет. эгер наркотика сатып жыйып койгон акчасы болсо, албетте.менин айткым келген нерсе бул эмес, кокус 39 жашта болсо бул кылмышкер. 39 жаштагы кемпир кармалды деп жазат беленер. 29 жаш деген гулдогон курак да. аял деп атаганга болбойт. мейли ал кылмышкер болсо да. 29 жаштагы кыздарды капа кылып атасынар. келин дегилечи, же айым.40тан ашкандан кийин аял деп атайсынар
+2
peach
2012-09-04 01:52:00
Bombarbio,tuura aytasyn bizde erte ele kartaytyp salishat.30 jash гулдогон курак,devochka dewet eken chet olkodo.KGda kara daly dep oooi
0
peach
2012-09-04 01:52:00
Bombarbio,tuura aytasyn bizde erte ele kartaytyp salishat.30 jash гулдогон курак,devochka dewet eken chet olkodo.KGda kara daly dep oooi
0
nazi25
2012-09-04 08:22:43
Бизде кыздыгын кетти эле,аялга чыгарып коюшат.
+2
kgkoenek
2012-09-07 23:57:49
nazi25 бир эле айттын го ха-ха-ха-ха боорду эзген
0
№ 513, 31-август-6-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан