Ысык-Көл биосфералык аймагы боюнча башкы дирекциясы «Жашыл өлкө» экобилим берүү лагеринин катышуучулары менен бирдикте Ысык-Көлдүн түбүн таштандылардан тазалоо акциясын уюштурушту. Акциянын алкагында салмагы 1 тоннага жеткен бөтөлкө, желим баштык, сууга түшүүдө кийилүүчү кийим, бут кийим, күндөн сактоочу чатырларды алып чыгышты. Таштандылар менен катар браконьерлер жайган көл түбүндөгү кытайдын балык кармоочу торлору да тазаланды. Экологдордун айтымында, кытайдын тору арзан болгондуктан, браконьерлер балыкты уурдаганы аз келгенсип, аларды ошол жерге таштап баса беришерин айтып өтүштү.