Бишкек шаарынын Ала-Тоо конушунда 1200 окуучуга эсептелген мектеп курулууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов шейшемби күнү мектеп директорлору менен болгон жолугушууда билдирди. «Жаңы мектептер курулуп жатат. Мисалы, борбордун Ала-Тоо конушунда 1200 окуучуга эсептелген мектеп курулууда. 16 миллион сомду камтыган биринчи жана экинчи кабаттары кыш менен тургузулду. Бюджеттин тартыштыгына карабастан, Бишкек мэриясы тарабынан шаардагы билим берүүнүн абалын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Биринчи иретте жылуулук берүү системин, канализация жана чатыр орнотуу жаатындагы көйгөйлөрдү чечкенге аракет кылып жатабыз. Бул жылы шаардык бюджеттен бөлүнгөн каражаттын эсебинен бир катар мектептер капиталдык ремонттон өткөрүлдү. 4 мектептин чатырын оңдодук. 9 мектептин жылуулук берүүсүн алмаштырдык жана 5 мектептин полун оңдоп, суу түтүктөрүн киргиздик»,- деди Иса Өмүркулов.