28-август күнү Токмок-Шамшы унаа жолунда Фольксваген Венто үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, оодарылып кеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Жол кырсыгынын кесепетинен 1 адам каза болуп, 3 адам жабыркаган. Жабыркагандарды «Тез жардам» кызматы Чүй районунун ооруканасына алып кеткен. Унаанын ичинде 1 жүргүнчү кысылган бойдон каза болгон. Ал эми жабыркаган унаа ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.