25-август күнү Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун кыздар командаларынын арасында «Мен жана футбол – зомбулукка каршы!» аттуу достук мелдеши өттү. Жеңиш бишкектиктердин бактысына буюруп, алгачкы 17-мүнөттө эле бишкектик Рамина Цой чүйлүк кыздардын дарбазасына биринчи голду киргизген. 56-мүнөттө Вероника аттуу кыз чүйлүктөргө экинчи голду киргизип, жыйынтыгында 2:0 эсеби менен жеңишке жетишишти. Кыздар арасында уюштурулган футболдун максаты айымдар арасында футболду жайылтуу жана аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы акция болгонун Кыргызстандагы Футбол федерациясы билдирди. Ошондой эле аталган футболдун максаттарынын бири Мексиканын Мехико шаарында өтүүчү үй-жайсыз кыздар арасындагы Дүйнө чемпиондугуна барууга материалдык каражат чогултуу болуп, акциянын негизинде 3219 сом чогулган.