Бишкекте 8-сентябрдан 3-ноябрга чейин күздүк айыл чарба продукцияларынын жарманкеси болот. Жарманке ар бир ишемби күнү эртең мененки 8де башталат. Жарманке Асанбай жана Жал кичирайондорунун Шопоков, Куттубаева көчөлөрүндө өтөт. Бул жарманкеге Чүй облусунун айылдарынан да келип катышышат.