ТУРИЗМ ӨЛКӨСҮ ТҮРКИЯГА САЯКАТ

Түркиянын тарыхын билгендей Кыргызстандын тарыхын билишеби? Ушул суроо дале көөдөндө турат. Анткени Түркияга болгон сапарыбызда ал жактагы мекендештерибиз түрк тилин гана эмес, маданиятын, тарыхын жатка билип бүтүшкөнүн байкайсың. Албетте, муну жаман көрүнүш деп атоого болбойт. Тескерисинче, кыргыз балдарынын дилгирлиги, кашкөйлүгү десек жарашчудай. Эмесе, Түркияны көздөй чогуу учалы...

АВТОТЫГЫН ЭМЕС, АЭРОПОРТТО УЧАК ТЫГЫНЫ
«Манастан» Стамбулдагы «Ататүрк» аэропортуна кондук. Стамбулдагы бул аба майданы Европанын эл аралык эң ири аэропортторунун ондугуна кирет. Ар экинчи мүнөт сайын улам бир учак конорун же абага көтөрүлөрүн Анкарага учууга убактыбыз келгиче эсептеп отурдук. Эң эле кызыгы, аба аркылуу 40 мүнөттө жетчү жерге учакка түшкөн соң учагыбыз жарым саат кезек күткөнү болду.
Анкаранын «Эсенбога» аэропортунан бизди ТРТ Аваз телеканалынан Айсулуу жана башка кесиптештер тосуп алышты. Адатта бирөөгө микрофон, диктофон такачу бизге кесиштештердин камера, микрофон көтөрүп тосуп алганы күтүүсүз болду.
Калкынын саны 5 миллионго жетип барган баш калаада дээрлик автотыгын байкалбайт. Балким, бул транспорт жактан өнүккөндүгүнөн, жолунун кенендигинен болсо керек. Таксилер атайын сары түстө болгон үчүн такси издеп кыйналбайсың. Анкарада бийик имараттар, тарыхый музейлер, маданий жайлар арбын. Айтор, Анкарада болгон 3 күн ичинде ТРТ Аваздагы кесиптештер бизди бийиктиги 125 метрди түзгөн Атакуле мунарасынан баштап бир канча музейлерге, анын ичинде Түркия Республикасын негиздеген биринчи президент Мустафа Кемаль Ататүрктүн мавзолейине чейин көрсөтүп, түрк маданиятын, тарыхын баяндап бергенге жетишти.

АШКАНАСЫН ЗАЙТУН, БАКЛАВАСЫЗ ЭЛЕСТЕТИП БОЛБОЙТ
«Өзүбүздүн бешбармакка жетпейт» деп башка элдин ашканасын айтып калмай жайыбыз бар. Мага, тескерисинче, түрк ашканасы таттуу баклава, өзгөчө тамак – искендер-кебабы менен жакты. Сапарыбыз Рамазан айына тушталгандыктан, дасторконунан кургатылган курма, зайтун (оливка) үзүлбөдү. Түрк туугандар десертке баклаванын түрүн жасап жегенден зеригишпейт экен. Бир ашпозчу мени карап «баклаваны жеп көрдүңүз беле?» дейт. «Ооба, бирок жасалуу рецебин азыр сизден сурайм» десем, күлүп «сыр, бирок сиздин өлкөдө баклава сындуу азык барбы?» дебеспи. «Албетте» деп кыргыз даамдарын санасам, «алар кырк катталып жайылабы?» деп коёт. Мындан улам ашпозчу менен талашпайын деп чечтим. Ал эми суу жагынан алганда, биздин сууга жетпейт. Муздаткычтан жаңы чыкты деген суусунан ичсем деле суусунум канбады. Бирок кичинекей айнек стаканга куюлуп берилчү кыпкызыл чайы шакыйды дароо басчудай.
Кафе-ресторан, тез тамактануучу жайлардын көбүндө эле эркектер «куш келипсиз» деп жылмайып тосуп алышат. Кайда барбайлы тейлөө кызматында эркектердин жүргөнүн көрүп сурасак, «түрк аялдары көбүнчө үйдө бала багуу, үй иштери менен алек. Үй-бүлөнү багуу милдети эркекке жүктөлгөн деген түшүнүк түрктөрдө катуу кармалат. Үйлөнөм деген жигит үй-жай сала элек болсо, анда кыздын ата-энесине алар убактылуу жашачу батирден бери көрсөтүп, анан макулдугун алып үйлөнөт» деп айтышты.

ТРТ АВАЗ АРКЫЛУУ КЫРГЫЗСТАНДЫ ТААНЫШАТ
Түркияга болгон саякатыбызды уюштуруп берген ТРТ Аваз телеканалынын кыргыз бөлүмү болду. Бөлөк эл, бөтөн жерде жүргөн журтташтарыбызга бали дейсиң. Анткени акыркы жылдары дал ушул телеканал аркылуу түрк эли Кыргызстанды таанып келе жатат. Бизди аталган телеканалдын мүдүрү Аднан мырза кабыл алып, телеканал эки элдин достугун, биримдигин чыңдачу көпүрө экенин айтты. Баса, Кыргызстан десең эле «аа, Гүлжигиттин мекени» дешкени жагымдуу угулат экен. Дегеним, кышында Гүлжигит Калыков «Евразия жылдызы» сынагын жеңип, түрк кыздарынын жүрөгүнө чок салып коюптур. Анан да «Евразия жылдызы» сынагынын финалы Кыргызстанда Нооруз майрамына туштап өткөрүлөрүн кошумчалады.
«Кыргызча берүүлөр ачылганына 3 жылдын жүзү болду. Биз «Салт-санат», «Кыргызстандыктар» «Балдар дүйнөсү» сыяктуу кыргыз тилиндеги берүүлөрүбүз аркылуу Кыргызстанды бүтүн түрк дүйнөсүнө таанытабыз»,- дейт кыргыз бөлүмүнүн редактору Жайна Кулманбетова. Ал эми Коомдук телеканал аркылуу көрсөтүлчү «Жаңы күн» берүүсүнүн алпаруучусу Нура Садырова тамашалап «ырчылардын баары менин колумдан өтөт» дейт. Анткени бизден барган ырчыларды эфирге алып чыгуу, маектешүү Нуранын моюнунда.

СТАМБУЛГА СУКТАНАСЫҢ
Ошентип, борбор калаадан дүйнөдө баш кошуу салтанаты эң көп катталган Лас-Вегастан кийинки шаар – Стамбулга келдик. Бизди Стамбулда жайгашкан Кыргызстан достук жана маданият коомунан Нурлан мырза тосуп алды. Кесиптешим Сергек «Стамбулда машина айдаган адам дүйнөдө машина айдай алат» деген туура экен» деп жылмайтты, Нурлан мырза бизди машинасына салып Стамбулдун кыйма-чийме көчөлөрүн түнү кыдырып жүргөндө. Ооба, чынында эле абасы нымдуу Стамбулга суктанасың.
Стамбул шаарынын так ортосунда Босфор кысыгы жайгашкан. Биздин заманга чейинки 667-жылы негизделген калаанын бир жак тарабы Азияга, экинчиси Европага карап, Босфор Кара жана Мармар деңиздерин бириктирип турат. 13 миллиондон ашуун калк жайгашкан шаар тарыхый музейлер, мечиттер, чиркөөлөргө бай болгондуктан, жылдын кайсы мезгили экенине карабастан туристтердин саны азайбайт. Айрыкча быйылкы жылы 6 миллион туристти кабыл алышканын айтып бүтө алышпады. Архитектуралык курулуш жактан алганда, Стамбулда өтө бийик имарат курууга уруксат алуу кыйынга турат.
Банктык системи жакшы өнүккөндүгү байкалат. Кичинекей күркөгө кирсең деле төлөм карточкаң менен төлөп коё аласың. Балким, башка айыл, шаарларында жол эрежеси биздикиндей эледир, бирок Стамбулда жол чырак, видеокөзөмөлдөн сырткары канча бир чакырым жерге атайын коюлган фотокөзөмөл да күчүндө. Көрсөтүлгөн чакырымда катуу ылдамдыкта айдап өтүп кетсең, машинанын номери тартылып калып, айдоочунун үйүнө өзүнөн мурун эсеп-дүмүрчөк айып кагазы барып каларын бизди коштоп жүргөн Нурлан мырза айтып берди.
Баарынан кызыгы, эң чоң Султанахмед мечитине барганда болду. Улам бир тарыхый жерге барып отургандыктан, кадимки турист катары эле кийинип алганбыз. Мечитке кирели десек, сыртта кагаз таркатып турган түрк волонтёру киргизбейт. Намаз убактысы болуп калган турбайбы десек, жок, ал биздин кийимибизди жактырбай жатыптыр. Кыргыз эмеспизби, аягына чейин «калчылдашалы» деп кайра кыркалекей тизилген туристтерден дегеле кезек жетчүдөй эмес, кайтканга туура келди. Андан кийинки сапарыбыз даңазалуу Сулейман мечитинде уланды.

КИЧИНЕКЕЙ КЫРГЫЗСТАНГА ТУШ БОЛДУК
Кыргыз меймандостугун бөтөн жерде да далилдей алат. Кыргызстан достук жана маданият коому чакыргандыктан, кеңсесине бардык. Биз барган убакта «Бир аваз» берүүсүнө тартылганы Гүлнур Сатылганова менен КТРКнын үн режиссёру Нурдин мырза да келип калды. Ошол жерде иштеген түрк жигит айтат «бул кеңсе кичинекей Кыргызстан» деп, чын эле желегибиз желбиреп, кыргызча жасалган, кыргыз жыттанган кеңседе боордошторду көргөндө сүйүнөт экенсиң.
Кыргызстандын ичиндеги аба каттамдары менен учсаң «сизге Дюшеспи» же суубу?» дегенин эстеп, тейлөө бизде да өнүксө болот эле деп кейийсиң. Бирок туулган жердин топурагы, аба, суусу, эли, албетте, баарынан өйдө. Кыргызстанга келгенде кадимкидей абасынан кере-кере жутат, ким болбосун, кайдан келбесин...

Бурул Исмаилова
Бишкек-Стамбул-Анкара-Бишкек
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
star_kg
2012-09-03 10:03:22
рахмаааат , чооон сураныч дайыма ушинтип дуйного саякатка чыгып туралчы
0
antivir
2012-09-03 15:23:09
эс алып келуу канчага турат экен?
0
rozaida
2012-09-06 03:59:08
Озум эс алууга Туркияга барып келгендей болуп калдым.
0
milli
2012-09-07 15:54:32
a bir ele mechetke kireerde (Sultanahmetke dagy) eshiginde jooluktar turbayby oronup alyp ele kire bermeksiner. Al jakta turgandar atayin jooluktardy berishet, kiyimdi jaktyrbay ketirip saldy degendi birinchi ugup jatam, anyn ustundo kirgenge dagy akcha tolonup jatsa, ketirmek emes bolchu! Surap korsonor bolmok eken.
0
ainura220888
2012-09-09 02:46:01
milli, да сага кошулам алар кетиришбей кийим жолуктарды оздору сунуштайт элего.
0
tasuluu
2013-11-07 04:41:32
Туркияга жолдомону кантип алсак болот айтып кое аласыздарбы?
0
№ 513, 31-август-6-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан