ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (3-сентябрдан 9-сентябрга) чейин

КОЙ (21.03-20.04)
Кыялыңыздагы идеяларды, пландарды ишке ашырууга ыңгайлуу апта. Андыктан коркпостон жаңы иштерди баштай бериңиз. Аптанын алгачкы күндөрүндө жашооңузду өзгөртө турган жаңы таанышуулар орун алмакчы. Жума күнү күтүлбөгөн чоң окуянын күбөсү болосуз. Эс алуу күндөрү кумар оюндарына азгырылуудан оолак болуңуз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Апта башында терс энергиялардан улам көңүлүңүзгө эч нерсе жакпай кыйналасыз. Болбогон нерсе үчүн башкалар менен тил табыша албай чырдашып кетпейин десеңиз, сабырдуулукту сактаңыз. Аптанын экинчи жарымы үй иштерин бүтүрүү үчүн арналмакчы. Жекшембиде колдон келбеген ишти аткарууга бирөөгө убада кылуудан алыс болуу керек.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Ишкерлер быша элек пландарын ачыкка чыгарбай турганы оң. Себеби идеяны атаандаштар уурдап алышы мүмкүн. Ошондой эле маанилүү чечимдерди шашылыш кабыл албай, кийинки аптага жылдырыңыз. Болбосо катачылык кетирип, кыйын абалга тушугасыз. Бейшембиде бойдоктор издеген адамын жолуктуруусу күтүлүүдө. Дем алыш күндөрү конок келип үйүңүз бапыр-тапырга толот.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптада жакын адамдарыңыз берген убадаларыңызды аткарууну талап кылышы күтүлүүдө. Бирок алардын баарын аткаруу мүмкүн эмес болгондуктан, ортодо пикир келишпестик жаралат. Шейшембиде буюмуңузду жоготуп алуудан этият болуңуз. Шаршемби күнү спирт ичимдигинен ууланып калуу коркунучу жогору. Апта соңу жеке жашооңузда мамиле жаатында өзгөрүүлөр болот.

АРСТАН (23.07-23.08)
Бул апта жаңы таанышууларга бай. Мындай таанышуулар ишиңизге ийгилик алып келүүгө шарт түзүп, жаңы иштердин башаты боло алат. Ар бир ишиңизде ийкемдүү болуп мамилени бекемдесеңиз, көздөгөн максатыңызга жетүүгө болот. Бейшембиде оттон зыян тартып калуудан сак болуңуз. Жекшембиде бойдоктор үчүн өзгөчө жолугушуу орун алышы күтүлүүдө.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Чечкиндүүлүк болбосо, ишиңиз алдыга жылбай турганын эске алыңыз. Шаршембиде кесиптештериңиздин бири маанайыңызды бузушу мүмкүн. Сизден сабырдуулукту сактап, чырга жол бербөө гана керек. Жекшембиге иш пландабай эле койгон оң. Аягына чыкпай убара тартасыз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Дүйшөмбүдө документ иштери менен алек болууга туура келет. Шейшембиде акчаны үнөмдүү пайдаланбасаңыз, каржы тартыштыгы маселе жаратмакчы. Бейшембиде үй-бүлө мүчөлөрүнүн биринин ишин бүтүрүүгө убакыт бөлүүгө мажбур болосуз. Жума күнү алыска сапар алышыңыз күтүлүүдө. Ишемби күнү коомдук-маданий жайларга чакыруу боюнча баш багасыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Бул аптада айрымдар алыскы сапарга аттанышы күтүлүүдө. Ал эми кыймылсыз мүлк алам дегендер үчүн ыңгайлуу апта. Шаршембидеги иштердин жыйынтыгы ийгиликсиз аяктап калышын эскертет жылдыздар. Бейшембиде кумар оюндарына катышууга сунуш болсо, баш тартыңыз. Жаман ишке кириптер болуп калышыңыз мүмкүн. Апта соңу жакындарыңыз менен бирге эс алуучу жайда өтмөкчү.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптанын негизги окуясы – сүйүшкөндөр табышып, айрымдар турмуш жолуна аттанмакчы. Шейшембиде орунсуз тамашаңыз беделиңизди түшүрүп коюшу мүмкүн. Андыктан сөзгө сак болуңуз. Бейшембиде ден соолугуңузга кам көрүп, бир жериңизди кокустатып алуудан этияттаңыз. Жума күнү алыстан кабар келиши күтүлүүдө. Жекшембиде маанилүү чечим кабыл алууга туура келет. Ойлонуп, анан чечим чыгаруу зарыл.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптада орун алган окуяларга терең ой жүгүртүп, анан бир чечимге келиңиз. Бул сиздин жашооңузду түп тамырынан бери өзгөртүүгө түртө турган чечим болушу мүмкүн. Шейшембиде кандайдыр бир ишке сунуш түшсө, ага катышууга шашылбоо керек. Бейшембиде жакындарыңыздын жардамына таянсаңыз, ишиңиз жемиштүү болоруна ишениңиз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Такталбаган маалыматка ишенип чыр чыгаруудан алыс болуңуз. Шейшембиде жеке жашооңузда күтүлбөгөн жагымдуу окуя орун алмакчы. Бейшембиде иштеген ишиңиз көңүл жылытпайт. Андан көрө эс алууга аракет кылыңыз. Жума күнү сүйүү азгырыгынан сактаныңыз. Жекшембиде чоң өлчөмдөгү каражатты чыгашага жумшайсыз, кейибеңиз, киреше да кирет.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Кийинки аптада маселе жаралбасын десеңиз, бул аптадагы иштердин аягына чыгуу зарыл. Шаршембиде документ иштерин так, тезинен чечүү күтүлүүдө. Жума күнү жашооңузга өзгөртүү киргизген кокустукка туш болушуңуз ыктымал. Ишембиде үй иштери менен алектенип, эс алуунун орду чарба иштери менен алмашат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 513, 31-август-6-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан