«ЭРКЕЛЕШҮҮГӨ УБАКТЫБЫЗ ДЕЛЕ ЖОК»

Көлдө жалгыз сүзгөн ак куу көзгө кандай өөн учурайт. Анын сыңары бул жашоодо ар бир адам түгөйүн табууга умтулат. Бул саам “Жан шерик” рубрикасынын коногу – ырчы Кубаныч Сатаевдин жубайы Кундуз Авашова болду. Ал жан шериги Кубаныч экөөнүн таанышкан күнүнөн тарта үйдөгү кылык-жоруктарын, ашканага кандай мамиле жасарынан кеп салып бермекчи.

– Кундуз, Кубаныч экөөңөр кандайча таанышып, кантип сүйлөшүп калдыңар?
– Кубаныч экөөбүз кафеден таанышканбыз. Жанында дагы бир Кубаныч деген ырчы жигит бар болчу. Алар бизге ыр арнашты. Чынында, бизге ырлары абдан жакты. Анткени азыр жандуу үн менен ырдагандар саналуу гана эмеспи. Алгачкы маегибиз өздөрү аткарышкан элдик ырлар тууралуу болгон. Таанышуудан кийин Кубаныч жакшы ырдаган ырчы жана таланттуу адамдын уулу катары эсимде калды. Бизди табыштырган нерсе – чыгармачылык, анан, албетте, жан дүйнөбүздөгү окшоштуктар, мүнөзүбүздүн төп келиши болду.
– “Кыз-жигит бололу” деген сунушту ким биринчи киргизди? Канча убакыт сүйлөштүңөр?
– Кыз-жигит болуп эки жарым жылдай сүйлөштүк. Башында жөн гана тааныш, андан кийин дос, анан сүйүшкөндөргө айландык. Илгертен кыргыздарда “достошолу, баш кошолу” деген сөздү жигиттер айтып келишет да. Мындай сөз, албетте, Кубанычтан чыкты. Мага айтардан мурун ал да терең ойлонуп, анан сунуштаптыр. Мен да жети өлчөп бир кесип, макулдугумду бердим. Кубаныч мага жөнөкөйлүгү жана адамгерчилиги менен жаккан. Мындай олуттуу сунушту айткан соң анын терең ойлуу, сабырдуу адам экендигин да байкадым.
– Келин болгон күндөр эсте калчу күндөрдөн экени талашсыз...
– 2008-жылдын 6-октябрында апамдын ак батасын алып, эртеси эң жакын досторубуздун коштоосунда Таластын Боо-Терек айылына аттандык. Касиеттүү «Манас Ордого» барып зыярат кылдык. Ошентип, 8-октябрь күнү кыргыздын каада-салты менен эл-журтту, тууган-туушкандарды чакырып нике кыйдырып, нике шакегин тагындык. Кубанычка зор үмүт артып жашаган чоң апасы, апасы, жеңелери ак жоолук салышып, көшөгөгө киргизишти. Кеткенче жоолугумду чечкен жокмун. Үйгө барганда азыр деле жоолук салынам.
– Кубанычка турмушка чыгарыңды апаң укканда кандай кабыл алды?
– Бардык эле апалардай менин апам да ойлонду, толгонду. “Жашоо силердики, өзүңөр жакшылап ойлонгула” деди.
– Экөөңөрдүн үйдөгү мамилеңер туурасында айта кетсең...
– Ортобузда ынтымак, сүйүү, бири-бирибизге сый-урмат бар. Ар дайым кеңешип иш кылабыз. Кээ бирөөлөрдөй бир нече саат сүйлөшпөй же көпкө эркелешмей бизде жок. Чынында, экөөбүздүн тең убактыбыз тар.
– Качан балалуу бололу деген планыңар бар?
– Бардыгы Жараткандын колунда. Бирок үмүтсүз, тилексиз адам болбойт. Баскан изибизди улаар балдарсыз жашоону элестетүү мүмкүн эмес. Кубаныч “эки уул, эки кызыбыз болсо” деп, а мен “алар экөөбүзгө тең окшош болсо” деп кыялданабыз.
– Чыгармачыл адамдар жумуштан кармалышы мүмкүн. Үйгө кеч барганыңда Кубаныч кызганбайбы?
– Сүйүү бар жерде кызганыч таптакыр болбой койбойт. Аз да болсо ар адам өз түгөйүн кызганат деп түшүнөм. Экөөбүздө тең айрым учурларда кызганыч болот, бирок ичибизге сактай билебиз. Эң негизгиси, ортодо ишеним жашайт, ошондуктан көңүл тынч, обу жок кызгануу боло элек.
– Ким кайсы тамакты жакшы көрөт? Кубаныч ашканада кандай?
– Үйдө улуттук жана чет элдик ашкананы айкалыштырууга аракет кылабыз. Мен жасаган тамактарды, салаттарды, пирогдорду тамшанып мактап жейт. Кубаныч өзү мен турганда ашканага деле кирбейт.
– Убактыңды бөлүп куруп берген маегиңе рахмат.
– “Супер-Инфо” гезитине да өнүп-өсүү, түгөнбөс чыгармачылык ийгилик каалайм!

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 337, 17-23-апрель, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан