Азимбек Бекназаров, коомдук ишмер: «МЕКТЕПТЕ ЭЛЕ РЕВОЛЮЦИОНЕР БОЛЧУМУН»

Ысымы «революция» деген сөз менен жанаша жүргөн Азимбек Бекназаров бүгүн саясат эмес, бала кези тууралуу кенен кеп салып берди. Ооба, бул инсандын эки революциянын көч башында туруп, жаңы саясий системдин орношуна кошкон салымын билебиз. Ал эми бала кези тууралуучу?

«ЖАЙЛОО БАЛАЛЫГЫМДЫ ЭСТЕТЕТ»
– Аксынын Миң теке, Миң бугу, Кыр жол деген улуу жайлоолору, кокту-колоттору менин балалыгымды эске салат. Ушул жайлоолордо мал, жан-жаныбарларга аралашып өстүм. Чабандын баласы болгондуктан, апрель айынын аягында жайлоого кетип, октябрда көчүп келер элек. Тоого жакын чоңойдум, азыр деле жайлоого бат-баттан бармай өнөкөт бар менде.

«ӨТҮКЧӨН БОЛСОМ ДА, ИНТЕЛЛИГЕНТТИН БАЛДАРЫНАН ӨЙДӨ ОКУДУМ»
– 1-класстан 10-класска чейин мектептин ардак тактасында кулагы делдейген Бекназаровдун сүрөтү илинип турду. Жакшы окудум. Кара-Суу айылындагы азыркы Жеңижок атындагы мектепти бүткөм. 8-класска чейин класском элем, 9га көчкөн жылы жайлоодон кеч түшүп, мектепке октябрда келсем, башка класском шайлап коюшуптур. Чабандын баласы болуп, бутума кирза өтүк, үстүмө кээде эски фуфайке кийип жүргөнүм менен, анча-мынча интеллигент мугалим сөрөйлөрдүн балдарынан өйдөрөөк окудум.
7-класста айылдагы эки китепканада дээрлик мен окубаган китеп калган эмес. Теңтуш 4 бала жакын элек, бири-бирибизге атаандашып, жарышып окучубуз. «Китепканага баланча деген жаңы китеп келиптир» дегенде эле жетип барчумун.

«АҢ-СЕЗИМ УУЛАНА ЭЛЕК КЕЗДЕГИ ДОСТОШУУ БЕКЕМ»
– Ушул күнгө чейин балалыктан берки достор менен мамилем жакшы. Классташтардын, курсташтардын башын бириктирип, жок дегенде бир айда бир жолу жолугушуп турабыз. Алар менин балалык күндөгү бир нан, бир жумуртка, бир алманы тең бөлүп жеген, таза кезде, аң-сезимибиз уулана элек кездеги досторум. А кийинки саясаттагы достор, булар байлык дос, бийлик достор көпкө деле узабайт. Бийликке келдиң, жаныңдагы көлөкөңдөй пайда болот да, бийликтен түштүң, сыйпалап таппай каласың.

«БАЛАЛЫК СҮЙҮҮ КИМДЕ ГАНА БОЛБОЙТ»
– Балалык сүйүү. Кимде гана болбойт, бул ыйык сезим. Ал сүйүүлөр эр жетип, акыл-эс толгондо да жан дүйнөңдө кошо жашай бере турган нерсе экен. Бир чети жеткен сүйүүгө караганда жетпей калган сүйүү кымбатыраак. Турмуш деген ар кандай да, сүйүүнүн деле деми кайтат. Жетпей калсаң, ошол кол жеткис бойдон легендага айланып калат. Мен ушуну сездим. Кээде ойлойм, биз көп сезимдерди сүйүү деп алмаштырып алат окшойбуз. А чыныгы сүйүү сенин жан дүйнөңдө купуя сыр катары сакталат. Менин да жан дүйнөмдө ошондой ыйык купуя сезимдер жашайт.

«ЭЖЕЙДИ «МЫРОЧКА» ДЕП СӨККӨМ»
– Жаныкул деген классташым алгебрадан кыйын болчу. Текшерүү иш жазганда начар окуган окуучулар андан көчүрүп алышчу. Бир жолу аныбыз билинип калып, мугалим көчүргөндөргө эмес, «эмне көчүртөсүң?» деп ага «2» коюп салды. Бир-эки муштап да койду. Буга таарынып ал коңшу айылдагы мектепке кетип калган. Ошондо ага болушуп агай менен тирешип, «биз да анын сабагына келбейбиз, эмне үчүн аны урат, көчүрттүрбөй карап отурбайбы анда» деп жаңжал кылып директорго чейин киргем. Азыр ойлоп калам, ошондо эле революционер болгон окшойм деп.
Кийин студент кезде да бир окуя болгон. Декандын орун басары болгон эжей бизге сабак өтчү. Бир жолу балдарды бир ишке жумшап, анан сынакта баарыбызга автоматтык түрдө «4-5» деген баа коюп коюптур. Мага «4» экен. «Эжей, мага «4» коюп коюпсуз, оңдоп тапшырсам болобу?» десем эле, «айылдын балдары «мыркалар». Эптеп эки сөздү айта албайсыңар да, «4кө» ыраазы болбойсуңар, чыгып кет» десе болобу. Мени жерге бир чапкандай эле болду, башка студенттер да турат эле жанымда. «Чыкпайм, менден сынак алыңыз» десем болбоду, анан курстун баарын чогултуп дагы кыйкырып кирди. Эжекенин жанына барып, «менден сынак аласыз же мен ректорго арыз жазып, сизге эмес, комиссияга сынак тапшырам» дедим. Десем, «мына көрдүңөрбү, айылдан келген «мырка» деди эле, мен да балп эттирип «биз «мырка» болсок, сиз «мырочкасыз». Сиз деле бизге окшоп айылдан келгенсиз, качантан бери кыйын болуп калдыңыз?» дедим. Залдын ичи дым-дым, эжеке ыйлаган боюнча чыгып кетти. Курсташтар азыр да айтып күлүп калышат, «биз эптеп баа алганыбызга сүйүнүп жүргөндө сен ушинткенсиң. Ошондо эле революционер болгон экенсиң» дешип.

«БЕТКЕ ЧАБАРЛЫК КАНЫМДА БАР»
– Бетке чабарлык биздин каныбызда бар. Кичинемде эле ушундай болчумун. Мага көптөр айтат «кыргыз өңү Чокморовдой болсо, мүнөзү сендей болуш керек» деп. Чынында, бетке чабарлыгым, өзүмдү эркин алып жүргөндүгүм – менин кемчилигим. Саясатчы ийкемдүү болушу керек, эки кадам алдыга жылса, бир кадам артка жылганды да билиши кажет. Президентпи, башкабы, көзүнө карап туруп сөздү түз эле айтам. «Кантсе да президент, унчукпай эле коёюнчу» деп аракет кылып да көрдүм. Болбоду, бир жыйынга араң чыдадым унчукпай отуруп. Канда бар го, болбосо аң-сезимдеги нерсе болгондо өзүмдү өзүм тарбиялап алмакмын. Жөнөкөй турмушта деле мунун зыянын көп тартам. Азыр кээ бир досторум сакал коюп калышты. «Ай, уят эмеспи, 50дөн жаңы эле ашып сакалыңарды батектей салбыратып жүрөсүңөр» деп бетине айтып таарынтып алам да, кайра «анын сакалына эмне асылдым?» деп өкүнүп калам. Сакал өстүрөбү, жокпу, алардын өз эрки да.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
jennifer90
2012-09-03 15:57:35
))))))))))
0
AGAT
2012-09-03 19:02:52
amalia - эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат!
0
ulutbek
2012-09-03 22:32:21
клоун
0
nelli
2012-09-06 02:24:20
карыганда тынбады го бул киши.
0
№ 513, 31-август-6-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан