Акыркы убактарда өлкөбүздө жашы жете электерге карата сексуалдык мүнөздөгү кылмыштардын саны өсүүдө. 2 кыздын атасы болуп калган адам 3 жаштагы наристе кызды зордуктаптыр...
БАЛМУЗДАК, «ЧУПА-ЧУПС» АЛЫП БЕРИП АЛДАП...
2012-жылдын 19-августунда кечки саат тогуздарда Октябрь РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө шаардын кичирайондорунун биринде 3 жашар кыз короодо ойноп жүрүп дайынсыз жоголуп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Маалыматтан улам РИИБдин өздүк курамы түп көтөрүлүп, окуя болгон жердин айланасында издөө иш-чараларын өткөрүшкөн. 2 сааттан соң жоголгон кыз табылып, ата-энесинин колуна тапшырылган. Эртеси ошол эле ата-эне милицияга кайрадан кайрылышат. Себеби үйгө баргандан кийин түнкүсүн кыздын кийимин чечип жаткырып жаткан убакта кийимдеринен кандын тактары чыккан. Ошол замат соттук-медициналык, соттук-биологиялык экспертиза дайындалып, экспертизанын корутундусунда наристе кыздын зордукталганы тастыкталган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталат. Иликтөө учурунда окуяга күбөлөр 40-45 жаштардагы киши кичинекей кызды балмуздак, «Чупа-чупс» алып берип карьер тарапка жетелеп кетип, кайра 20-30 мүнөттөн кийин ээрчитип келгендигин айтышкан. Кызды алып кеткен жерине таштап, маршруткага отуруп кетип калган. Милиция кызматкерлери тарабынан шектүүнүн аты-жөнү да такталып, 40 жаштагы киши колго түшүрүлөт. Биринчи эле суракта ал кылмышын моюнуна алып, зордуктаган жерин көрсөтүп, кантип зордуктаганынан бери айтып, көрсөтмө берген.
«ӨЗҮМДҮН ДА ЭКИ КЫЗЫМ БАР»
Кылмышка шектелип кармалган Жолдошалы Жунушалиевди журналисттерге жолуктурганда ал зордуктагандыгын мастыгына шылтап, бирок окуя кандай болгондугу толук эсинде экендигин төмөнкүчө айтып берди:
– Өзүм курулушта иштейм. Ажырашып кеткем. 2-класста жана 7-класста окуган эки кызым бар.
Көчөдө баратсам 3-4 жаштардагы кыз үйүн издеп ыйлап жүрүптүр. Үйүн таап берейин деп сурасам, ар кайсы подъездди көрсөтө берди. Анан кыздын колундагы «Чупа-чупс» жерге түшүп кетти эле, аны алам деп эңкейгенде турсийи көрүнүп калды. Аны көрүп дүүлүгүп кетип, алысыраак алып барып турсийин чечтирдим. Анан ушул окуя болуп кетти. Бир убакта кыз ыйлап жиберди эле, аны көтөрүп келип жол боюнда турган орус кыз менен балага «бул кыз жоголуп кетиптир» деп айтсам, алар телефон чалышты эле, кыздын атасы келди. «Колуң менен жасаганыңды моюнуң менен тартасың» дейт, кылган күнөөм үчүн жооп берем. Күнөөлүү болдум, кылганыма кейип жатам.
«АЛГАЧ ЗОРДУКТАЛГАНЫ БИЛИНГЕН ЭМЕС»
Октябрь РИИБинин башчысы Рафик Мамбеталиев:
– Алгач «3 жаштагы кыз жоголуп кетти» деген маалымат түшкөн. Аны эжеси ойнотуп жатып жоготуп жибериптир. Кыз табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилген. Ошол убакта кыз ыйлаган, корккон абалда болбогондуктан, эч кандай шек алган эмеспиз. Эртеси 20-августта ата-энеси келип кийимдеринин кан экендигин айтты. Экспертизадан наристенин зордукталгандыгы билинер замат Октябрь РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 129-беренесинин 3-бөлүмү (жаш кызды зордуктоо) жана 130-берене (14 жашка толо электиги белгилүү болгон адамга карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) боюнча кылмыш иши козголгон. 2 күндөн кийин кылмышка шектүү делинип 1972-жылы Нарын облусунда туулган, Ак-Босого жаңы конушунун тургуну Жолдошалы Жунушалиев аттуу жаран колго түшүрүлгөн. Ал кылмышын толугу менен моюнуна алган.
ЗОРДУКЧУ КАЗА БОЛДУ
25-августта убактылуу кармоочу жайдан СИЗОго которулган кылмышка шектүү Жолдошалы Жунушалиев ошол эле түнү каза болгон. ЖАМКнын маалымат кызматынын билдиришинче, Жолдошалы Жунушалиев түнкү 2 чамасында бир жолу колдонуучу сакал алгыч менен өзүнүн тамагын кесип салган. "Тез жардамдын" дарыгерлерине анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Учурда анын эмне үчүн, жана кандай жагдайларда каза болгондугу иликтенүүдө.
Ата сакалы ээгине бүткөн адамдын «наристе кызды көрүп дүүлүктүм» дегени акылга сыйбаган иш. Ушул сымал зордукчулардын көбү кармалганы менен, капканга түшө электери да бар. Мисалы, мындан бир нече ай мурун Арча-Бешик жаңы конушунда 8 жаштагы кызды зордуктап, муунтуп өлтүргөн айбан дале эркиндикте. Запкы көргөн наристелердин кийинки тагдыры кандай болот?..
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg