«Заман бузулду» дейбиз. Бирок заман эмес, заманды бузган адамдар окшойбуз. Аялдын чарасыздыгынан пайдаланып ымыркайды сатып, арам оокатка марыйм деген адамдын жосунсуз жоругуна таң калдым. Андан да биринен бири алып, кийин кымбат сатып, наристенин тагдыры менен ойношкону кызык. Анда кеп башынан болсун.
«КЫЗЫМДЫ САТУУГА МАЖБУР БОЛДУМ»
Үстүбүздөгү жылдын 18-августунда Биринчи Май РИИБине караштуу №7-шаардык бөлүмчөсүнө Жылдыз аттуу 1983-жылы туулган бир жаш келин арыз менен кайрылган. Арызда өзүнүн баласын Нели аттуу аял сатып жибергендиги, бирок кайра ойлонуп баласын кайрып алгысы келгенин айткан. Эмесе, окуя тууралуу наристесин жоготкон эненин өз оозунан угалы:
– Атым Жылдыз. Нели менен улуу кызымды жаңы төрөгөн маалда таанышып калгам. Кызым менен анын үйүндө квартирант болуп, анын кызын багышып жашачу элем. Жарым жылдай жашаган соң эже мени сабагандыктан, Ошко кетип калдым. Ошто жүргөндө экинчи кызым боюмда болуп калды. Экөөнү тең күйөөм жок эле төрөп алгам. Боюмдагы балама алты ай болуп калган кезде Нели улам-улам телефон чалып «шаарга келе бер, мен жардам берем» дегенинен кайра Бишкекке келип, ага каралашып жүрдүм. Төрөөрүмө аз калганда ал мага «эч жерде иштебесең, балаңды төрөсөң, кантип багасың? Андан көрө менин жакшы жашаган тааныштарым бар. Алар балаңды жакшы багып кетишет, ошолорго өз каалооң менен берип койбойсуңбу...» дей баштады. Бирок мен анын айтканына макул болбой, «кыйналсам да өзүм багам» дедим. Ал ар кайсыны айтып мени алдай баштады. Акыры төрөгөн соң анын тааныштарына баламды берүүгө макул болдум. Ошентип, 10-август күнү эртең мененки саат 10до №4-төрөтканада кыз төрөдүм. Анан Нели эжеге телефон чалып сүйүнчүлөсөм, ал сүйлөшүлгөн тааныштарына чалыптыр. Кичине убакыт өткөн соң ойлонуп, кайра «кызымды өзүм эле багам. Берки тааныштарыңызга макул болбой койду деп коюңуз» деп СМС жаздым. Ошентсем ал чалып: «Улуу кызыңды бага албай араң жүрөсүң. Анан экинчи кызыңды кантип багасың?! Анда мен сени эки кызың менен жашатпайм!»- деди. Андан кийин да эки-үч жолу келип кагып-силкип, ар нерсени айтып кетти. Шаарда, чындыгында, жашай турган туугандарым жок. Ата-энем Ошто.
14-август күнү мени төрөтканадан чыгарышканда айла жок Нелиге кайра чалдым. Ал такси менен келди. Ошентип, кызымды бергенге макул болдум. Жолдо баратканда ал бирөөлөргө телефон чалып: «Кызыңарды алып баратабыз»,- деди. Бир аздан соң Медеров-Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинен кызымды ала турган кишилерди күтүп турдук. Аз өтпөй алар башка машина менен келишти. Нели алардын машинасына түшүп бир аз сүйлөштү. Мага «кызыңды алып кел» деп телефон чалды. Кызымды алып түшүп, бир аялга өз колум менен баланы бергеним чын. Ал чөнтөгүмө конверт салып койду. Алар кеткен соң Нели кафеге алып кирди. Анан «эми акчаңа кийинип, айылга салып, айтор, өзүңө кел!» дегенинен акчаны алып чыгып санасам, 15 миң сом экен. Ошол замат «тигилер үйүнө жете элек болуш керек. Чалып көрсөңүз, кызымды өзүм эле багайынчы?» десем, дагы урушту. Ошентип, үйгө келдик. Эки күндөн кийин ыйлап отурсам Нели менен чогуу иштеген кыздар келип эмнеге ыйлап жатканымды сурап калышты. Мен аларга бардыгын төкпөй-чачпай айтып берип, «кызымды кайра алганга жардам бергилечи?..» деп сурандым. Анан алар аркылуу милицияга кайрылдым. Милиция кызматкерлеринин жардамы менен кызымды кайра алдым.
«САТЫП АЛГАН АДАМ КАЙРА БАШКАГА САТЫП ЖИБЕРГЕН»
Окуя тууралуу Биринчи Май РИИБинин №7-шаардык бөлүмчөсүнүн кылмыш иликтөөчүсү Замирбек Эргешов буларды айтып берди:
– Жабырлануучу бизге алган 15 миң сомду коротпогондугун айтып, кызын кайра кайтарып алам деп арыз менен кайрылганда иликтөө, издөө иштерин баштап, жоголгон наристени таап келдик. Аны саткан 1977-жылы туулган Э.Н. аттуу келин кармалды. Ал наристени 35 миң сомго сатып, 15 миң сомун энесине берген экен. Учурда ал КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 124-беренеси боюнча күнөөлөнүп, иши сотко өттү. Наристени сатып алган А.Н. аттуу келин да кайра башка адамга сатып жиберген. Учурда алар да кармалып, тергөө иштери жүрүп жатат.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg