Учурда Бишкектеги «Аккула» ат майданында көк бөрү боюнча КРнын Президентинин Кубогу үчүн кызуу күрөш жүрүп, баш байгеге 10 команда ат салышып жатат. Бүгүнкү маектешибиз – мелдеште чемпиондукка башкы талапкерлердин бири, сокулуктук «Бөрүлү» командасынын мүчөсү Улан Насакеев. Көк бөрү оюнун улакчынын көзү менен карап көрдүк.
КААРМАН ТУУРАЛУУ
Аты-жөнү – Улан Насакеев
Туулган жылы – 1987-жыл, 14-ноябрь
Туулган жери – Сокулук району, Бөрүлү айылы
Бою – 183 сантиметр Салмагы – 93 килограмм
Жетишкендиктери – КРнын Президентинин Кубогунун 5 жолку, Кыргызстандын чемпиондугунун 5 жолку чемпиону
Учурда Бишкекте жашайт, бойдок. «Бөрүлү» командасынын өкүлү
Аргымагынын аты – Акжол, 6 асый
– Салам, Улан. Жарым финалда «Кожомкул» командасын жеңдиңер, куттуктайбыз!
– Рахмат. Жарым финалдан ийгиликтүү өттүк. Финалда, буюрса, «Суусамыр» командасы менен ойнойбуз. Алар жарым финалда «Талас» командасын утушту. КРнын Президентинин Кубогу бирден-бир чоң мелдеш болгондуктан, командалардын даярдыгы мыкты. Биз 2006-жылдан тарта чемпион болуп келип, былтыр наамыбызды тарттырып жибергенбиз. Быйыл аны кайтарып алуу үчүн жан үрөөдөбүз. Эми 31-августта бул ат майданда орун алуучу финалды күтөбүз. Атаандаш оңой команда эмес. Демек, кубок кимге буюрса, майдандан күлүп чыгат.
– Жакшы. Эми өзүңө келсек, көк бөрү ойногонуңа канча болду?
– Биринчи жолу майданга 16 жашымда чыккам. Эрте баштагансың деп көп айтышат. Олбурлуу дене-боюма, толуп турган күчүмө карап эрте аралашкам. Негизи, эрте жетилип, ат үстүндө мыкты ойной алсаң, эрте чыга бергениң оң. Эрежеде болсо 19 жашта баштоо керек.
– КРнын курама командасына кирдиң беле?
– Ооба. 2006-жылы улуттук курама команда түзүлүп, Казакстанга барып ойноп келгенбиз. Азыр бизде жалаң гана клубдар арасында өтүп, 2006-жылдан бери улуттук курама команда түзүлө элек, андай түшүнүк деле жоголуп кетти. «Ат жалында кыргыз гана алдырбайт» дегендей, жакшы болмок, эл аралык мелдештерде намысты коргосок.
– Билишибизче, бизде кесипкөй улакчылар жок. Сен дагы буга хобби катары карайсыңбы?
– Ооба. Көк бөрүгө хобби, сүйүктүү спортум катары карайм. Мелдешке бир ай калганда гана аттарды, өзүбүздү даярдап баштайбыз. Андан тышкаркы жашоо эл катары эле өтөт. Жумушка бармай, келмей...
– Азоо аттан жыгылган же кагылышууларда жаракат алган учурлар болсо керек...
– Ат спорту ошондой кооптуулугу менен кызык эмеспи. Ат ооз бербей ала качкан учурлар, оор кагылышуулар, ат тосмодон секирип кеткен, тай казанга кирип кеткен учурлар болот. Бул майып болуп калууга, ал эле эмес, өлүмгө алып келиши да мүмкүн. Кудай сактасын, биз андай абалга туш боло элекпиз жана туш болгондорду көрө элекпиз. Майданда азоо аттан эмес, жоош аттан да баарын күтсө болот. Ошон үчүн айтат да, аял менен атка ишенип болбойт деп. Бирок мен муну өмүрдү тобокелге салуу эмес, адреналин алуу деп эсептейм.
– Сөзүңө аралжы, жылкы тукуму кантип ушундай кайра тартпас мүнөз күтөт?
– Негизи, аттар бышты жашынан оюнга түшө баштайт да. Демек, ээсинде да «анын колу түшөт, катуу сүзүлсө же башка аттар бутун басып салса, жалтак болуп калат» деген ойлор болбойт. Ат майданда өзүн эркин сезип, өзүнүн кыялын көргөзүшү керек. Алардын деле каны кызып калганда биздей эле бардык кадамга барчу сезими ойгоно түшөт.
– Көп спортто ой жүгүртүү менен жогорку чеберчилик алдыңкы ролдо. Көк бөрүдөчү?
– Туура. Футболдо мыкты оюн футболчудан көз каранды. Ал эми көк бөрүдө ат мыкты болуп, киши чабал болсо же киши тың болуп, ат чабал болсо, түйшүк башталат. Бул оюнда аттын ойноок, топту жара урган сапаты, жогорку ылдамдыгы керек. Эң негизгиси, мыкты ат жерден улак эңерде корпус коюп, улакты эңер замат тай казанды көздөй зуу коёт. Улак оюнунда ушулар эң негизгилери.
– Аттарды ушуга көндүрөт турбайсыңарбы... Атайын машыгуу жайы барбы? Машыктыруу, даярдоо тартиби кандай?
– Ооба. Улактын аттары күнүмдүк кызматтарда пайдаланылбайт, жөн эле минилбейт. Оюнга түшчү аттар катардагы эле күлүктөр эмес. Аргымактар сапатына, көлөмүнө карап тандалат. Мелдеш жакындаганда ичкен-жегени, канча басканы, канча убакыт ачка калганы тыкыр көзөмөлгө алынат. Биздин «штаб-квартирабыз» Сокулукта. Ошол жерде аттарды багабыз, таптайбыз. Мелдеш жакындаган сайын аттардын терин алып, суутуп, маал-маалы менен таң ашырып турабыз. Машыктыруучу болсо көбүнчө тактикалык жактан даярдайт.
– Силердин «Бөрүлү» командасы тууралуу айтып берсең...
– Команда көк бөрүнүн кайра жаралуу жылы болгон 1996-жылы түптөлгөн. Демилгени Касымбек Кубатов аттуу жеке ишкер агабыз көтөрүп чыгып, өзү төрөлгөн айылдын атын берген. Кожоюндун атасы көк бөрүчү болгондуктан, өзү оюнга катуу кызыгат. Анын жетегинде «Бөрүлү» көптөгөн жеңиштерди, миллиондогон байгелерди багындырды. Күлүктөр ошол айылда багылат. Азыр командада Мирлан Сражидинов, Радмир Саманчиев сыяктуу мыкты оюнчуларыбыз менен мактана алабыз. Команданын формасы, ат жабдыктары, керек болсо ат менен да жогору жак камсыздайт. Кичинемден эле көк бөрүгө кызыгып жүрүп, 16 жашымда ушул команданын катарына кошулгам.
– Жеке жашоо, үй-бүлөң жөнүндө эки ооз кеп...
– Үй-бүлөдө 5 бир туугандын кичүүсүмүн. 4 эжем бар. Азырынча үйлөнүү тууралуу ой жок.
БУЛ ДА КӨК БӨРҮ ТУУРАЛУУ
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg