.Өзүңүздөр көрүп тургандай, Мирлан Баеков келинчеги Созул, Нэна жолдошу Майрамбек, Ынак Осмоналиев алган жары Сырга жана Максат Бегалиев жубайы Назгүл менен биздин «Таттуу түгөйлөр» аттуу оюнубузга катышышты. Эми байкайлы, бул ырчылар канчалык деңгээлде жуптарын жакшы билишерин.
1. Биз оюнчуларды айымдардан жана мырзалардан турган эки топко бөлүп алдык. Алгач мырзалардын көздөрү таңылып, ар ким өз жубайын колунан кармап тапмай болушту. Жигиттердин көздөрү таңылгандан кийин биз тапшырманы татаалдатуу максатында кыздардын катарына кесиптештерибизди кошуп, анан да орундарын алмаштыра салдык.
2. Кийинки кезек айымдарда болду. Көздөрү таңылган айымдар эми өз кожоюндарынын буюм-теримдерин кармап көрүп, аларды баштыкчасына чогултушмак. Столдун үстүнө мырзаларга тиешелүү да, тиешеси жок да буюмдар аралаш коюлду. «Айымдар тиричиликке бышык келишет» деген чын эле экен. Көп деле жаңылышпады. Болгону, Максат Бегалиевдин аялы Назгүл «жүз аарчыны ашыкча алып алганмын го...» деп турса, Максат «меники» деди эле, «мындай түстөгү жүз аарчыны башка сүйгөнүң белек кылган бейм?» деп тамашалап калды. Нэнанын жолдошу сыра сүйүүчүлөрдөн окшойт, ырчы кызыбыз сыраны ашыкча алып алыптыр. Ал эми бул оюнда Ынак мырзанын сулуусу Сырга машинанын ачкычынын желбирөөчүн (брелогун) таап, бирок ачкычын таппай калды.
3. Үчүнчү оюн кайрадан жигиттерге өттү. Жыт туюмдун жардамы менен келинчектерин табуу керек. Бул оюнда Ынак мырза билгизбей айымдарды тизеси менен текшерип жатса деле жубун таппай калып, «жыт туюмум начар» деп кутулду. Кайра эле Мирлан Баеков адашып, Максат Бегалиевдин аялынын жытын «менин аялымдыкы» деп «менчиктеп» алды. Калган мырзалар адашпай эле өз жарларын табышты.
4. Төртүнчү оюн суроо-жооп түрүндө болду. Ар бир оюнчуга өздөрүнүн жуптарына ылайык суроолор жазылган баракчалар таратылды. Жооп жазылган соң баракчаларды жыйнап алдык. Анан кайра эле ошол суроону жуптарга алмаштырып бердик. Ынак Осмоналиевге «аялыңыз ачууланганда эмне деп урушат?» деген суроо берилген. Бул суроого ырчы мырза «унчукпай коёт» деп жооп жазыптыр, Сырга жеңебиз деле «унчукпай коём» деген окшош жообун берди. Ал эми Сырга айым «Ынак байкебиз устукандоону билеби?» деген суроого «жок» деп жазган болсо, Ынак ырчы «билем» деп жооп узатты.
Мирлан Баеков «Созулдун канча меңи бар?» деген суроого «мен эмес, өзү да билбейт» десе, Созул да «өзүм деле билбейм» дейт. Ал эми Созулга берилген «Мирландын өзүнө жакпаган дене мүчөсү жана бут кийиминин өлчөмү?» деген суроого «боюнун кыскалыгы, ал эми бут кийиминин өлчөмү – 38-39» деп жазса, Мирлан өзү 39-40 өлчөмдөгү бут кийим киерин жана жакпаган дене мүчөсү жок экенин айтты. Бегалиевдер жана Нэна жолдошу экөө берилген суроолорго сүйлөшүп алгандай туптуура жооп беришти.
Оюндун акырында, өзүңөр байкагандай, Баековдордун үй-бүлөсү адашуу боюнча биринчиликке чыкты. Буга Мирлан мырза ийинин куушуруп, «башкаларга караганда бизде стаж аз» деп комментарий берип күлдү. Оюнда адашкандар боюнча экинчиликке чыккан Ынак Осмоналиевдин үй-бүлөсү жылмайып эле дым болушту. Басар аяк кылып Ынак мырзанын сүйүктүүсү Сырга жеңебиз «ачкычты таппай калганым желбирөөчтөн ажыратып койгонуңардан болду. Эгер Ынак туфлисин койсо, жытынан эле таап коймокмун» деп боорубузду эзсе болобу! Ошентип, оюнубузду аяктап жатып, ар бир үй-бүлөгө «оюндан адашсаңар да, жашоодон адашпагыла» деп каалоо айтып узаттык.
Бахияна Сатылганова
star@super.kg