ЖЕЛИМ БӨТӨЛКӨНҮН ЭКИНЧИ ӨМҮРҮ

Кайда барба желим калдыктар бутуңа илээшет. Кичине шамал болсо, желим баштык учуп келип башыңа кийилип калары да турган көрүнүш. Андыктан учурда Кыргызстандын аймагында желим идиштерди кайра иштетип, аларга экинчи өмүр тартуулаган чакан цехтер пайда болууда. Кезектеги сапарыбыз мына ушул жайларга багытталды.

ЖЕЛИМ ИДИШ АЛАБЫЗ...
Алгачкы кадамыбызды Бишкектин «Ош базарындагы» желим идиштерди сатып алуучу түйүндөрдү көздөй таштадык. Адеп барган түйүндө желим бөтөлкөлөрдү капкагы менен, мырыйып-тырыйбаган, бүтүндөрүн алып, кайра бал, кымыз жана сүт азыктарын сатуучу кардарларга сатышат экен. Кийинки түйүнгө жеткенибизде көзүбүзгө адегенде эле «желим бөтөлкө тоосу» урунду. Чындыгында, мынчалык деп элестетпеген менин көз алдымда тонналап үйүлүп жаткан желим бөтөлкөлөр кызыл-тазыл гүл жамынган тоонун элесин чагылдырды. Мынча бөтөлкөнү шаар ичинен чогултуп келүү үчүн жалпы шаар тургундарынын бир күндүк убактысы кетери айкын. Кеп кезегин андан ары бул түйүндүн ээси, сүрөткө түшүүдөн качкан Алтынбек мырза менен уладык.

– Алтынбек мырза, бул желим бөтөлкөлөрдү сатып алат экенсиз, андан ары кайда жөнөтөсүз?
– Мен элден желим бөтөлкө, баштык, арак-шараптын бөтөлкөлөрүн, ширенин желим таңгагын (упаковка) жана картон кагаздарын сатып алып, кайра иштетүүчү ишканаларга өткөрөм. Картон кагаздарды даарат кагазын чыгаруучу ишканалар алып кетишет. Ал эми желим бөтөлкөлөрдү жана ар кандай желим идиштерди кайра иштетип, бөтөлкө, идиш чыгарууга алып кетишет.

– Бир күндө канча желим бөтөлкө сатып аласыз жана баасы канчадан?
– Ар кандай болот. Бөтөлкө чогултуп келгендердин иштегенинен көз каранды. Эң аз дегенде 200 килограмм, жакшы деген күндөрү 1 тоннадай сатып алам. Бөтөлкөнүн 1 килограммынын баасы – 6 сом. 1 килограмм целлофандын баасы – 5 сом, ал эми ширенин желим таңгагы – 25 сом. Менин жанымда дагы башка кабыл алуучу түйүн болгондуктан, кымбатыраак сатып алууга туура келет. Кайра дүңүнөн 8 сомдон ишканаларга өткөрөм.

– Кимдер алып келип өткөрүшөт?
– Алып келгендердин дээрлик көпчүлүгү селсаяктар. Бир күн бою иштеп 5-10 килограммдан өткөрүшөт. Жакшы иштегендери 20 килограммга чейин чогултуп келишет. Кээ бир адамдар атайын чогултуп, бир жумада бир жолу унаа менен алып келип 200-300 килограммга чейин өткөрүп кетишет. Бөтөлкө салынган төөдөй бир каптын салмагы бар болгону 45 килограмм чыгат. Ныктап салынса 60-65 килограммды түзөт.
Бул жайда бөтөлкөлөрдү чогултуп, андан соң атайын чоң каптарга шыкап салып, жогоруда айтылган ишканаларга жөнөтүлүп турат. Андай ишканалар «Баят» базарынын тегерегинде бар. Ошол жакта бөтөлкөлөргө экинчи өмүр берилет,- деген Алтынбек мырзанын иш ордуна болгон сапарыбыздын тизгинин таштандыларды кайра иштетүүчү ишканаларга бурдук.

ЭЧ КИМ ЭШИГИН АЧПАЙТ...
Мындан мурда ушундай ишканалардын даректерин сураштырганыбызда билгендер айтуудан баш тартып, «ал жакка баары бир киргизбейт» дешкен эле. Айткандай эле дареги боюнча таап барган ишканалар ичкери киргизүүдөн баш тартышты. Бомба чыгаруучу заводдой сыр каткандыгынын себеби станокторду көрүп алат жана өндүрүү технологиясын атаандаштар уурдап алышы мүмкүн деген ойдо экен. Ошентип, «Баят» базарындагы ишканаларга барганыбызда желим иштетүүчү бир ишкана эшигин кенен ачып коюп иш үстүндө экен. Бирок бул жерде желим бөтөлкө эмес, керектен чыккан желим идиштерди гана иштетет экен. Ал чакан ишкананын ээси Максат мырзаны кепке тартык.

– Ишкананын иши тууралуу кеп салсаңыз...
– Биз керектен чыккан желим идиштерди кайра иштетип, жаңы буюмдарды чыгарабыз. Негизинен чака, дагара, тутка, курулушка керектүү майда тетиктер даярдалат. Сырьёну болсо алып сатарлардан жарым-жартылай даярдалган түрдө алабыз. Алар желим калдыктарды чогултуп, атайын майдалагычтан өткөрүп майдалап даярдашат. Андан соң бул жакта иштетип чыгарабыз. Майдаланган желимдин
1 килограммы сапатына жараша 27 сомдон 45 сомго чейин турат.

– Иш процесси кандай жүрөт?
– Алгач бизге келген сырьёну тандап алабыз. Бардык эле желим калдыктарды ала бербейбиз. Себеби курамында ар кандай химикаты көп, колдонууга болбогон желимдер бар. Ошондой эле желим бөтөлкөлөр колдонууга жарабайт. Мында жалаң гана тамак-ашка колдонууга уруксат болгон желим идиштердин калдыктары колдонулат.
Андан соң жарым-жартылай майдаланып келбеген калдыктарды өзүбүздүн майдалагычтан өткөрөбүз.
Андан кийин керектүү көлөмдөгү сырьёго түс берүүчү боёкту кошуп, аралаштырып, андан соң станокко жөнөтүп, андан даяр продукция чыгарабыз.

ЖЕЛИМ БӨТӨЛКӨ КЫТАЙГА КЕТЕТ
Кыргызстандагы чоң-чоң ишканалар желим буюмдарды чыгарышат. Мисалы, желим суу түтүктөрүнөн тарта чака, идиш-аяктар, желим чатыр (черепица), суюктук куюлуучу чоң көлөмдөгү идиштерди (бочкалар) айтсак болот. Азыр Кытайдан ташылбай деле калды. Көпчүлүк буюмдар ошол Кытайдан келген станоктордун жардамы менен өзүбүздө чыгарылууда.
Ал эми желим баштык жана бөтөлкөлөргө экинчи өмүрдү Кытайда тартуулашат экен. Аларды кайра иштетүүдөн өткөрүп, жип жана синтетикалык материалдарды даярдашат. Кыргызстандагы желим бөтөлкөлөрдү жана баштыктарды жууп, тазалап, капкагын, сыртындагы кагазын өзүнчө бөлүп, андан соң түсүнө жараша сорттоп, майдалагычтан өткөрүшөт. Даяр болгон сырьёну таңгактап, анан Кытайга жөнөтүшөт. Мындайча айтканда, Кыргызстан боюна көтөрсө, Кытай аны төрөп, кайра даяр продукция өндүрүп чыгат. Мында Кыргызстан колундагы даяр ашын өзүбүздө иштетпей Кытайга салып берип жатканын да айта кетүү керек. Себеби дүйнөлүк рынокто тазаланган желим бөтөлкөнүн 1 тоннасы сапатына жараша 600-1000 долларга чейин турат. «Учурда Кытайга жөнөтүлүп жаткан биздеги бул сырьёнун баасы 800 долларды түзсө, Кытайда 1000 доллардан алынат» дешет жогоруда биз маектешкен мырзалар.

Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Таштандыдагы желим бөтөлкөлөр кайда барат?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
FALLAH
2012-09-03 17:02:09
Желим ботолкону ж.башкаларды кайра иштетип чыгарылган продукцияларды ашканада колдонууга болбойт. Базардагы кара полиэтилен трубалар ушундай кайра иштетилген сырьедон жасалган. Буларды иче турагн сууга колдонууга болбойт. Эл билбей эле алып колдоно боеришет. Кок же ак тустогу полиэтилен турбалар кобунчо убакта таза сууга колдонулат. Сертификат сотвествиясын сураш керек негизи.
Мусордун ичинен алынган желимдер жакшы тазаланбай эле бизге жаны идиш труба болуп келип калып жатат.
0
zamirbek.
2012-09-04 00:33:44
Кызык экен
0
peach
2012-09-04 03:15:43
baary ele Kitaydan dese,bizde dele chygaryp kalishkan turbayby,molodsy
0
Kroxa
2012-09-04 17:19:37
одно разовый идиштер,целофан пакетиктер салат тамак салып сатышат ошошун баары мусордон жасатат...........
0
AFRODITA-89
2012-09-05 00:28:14
ужас... эми андай идиштерге салып берсе аппетит олот окшойт ээ
0
nazgul8076
2012-09-05 18:14:19
Укмуш кызыктуу материал экен.
0
marko
2012-09-05 20:41:47
менинда аппетитим олдуда. Эми кантип жеймин . Менда ишканамда коп колдономда,бул ийдишти,эми кантип жейт екенмин,а особенно лошкасын айта кетсем коп колдоном.
+1
elif
2012-09-06 12:36:19
emi alar ishtetip filtirlep tazalap anan chigarishsa kerek,bolboso onu tusu jitinan ele bilinip kalat
selsayaktar deybiz birok karagilachi,alardin shaardi tazalaganga kanday jardam bar,ozu lolulor menen selsayaktar bolboso shaar tashtandinin aldinda kalat bolso kerek ele
+1
FALLAH
2012-09-07 10:45:47
Целофан, одноразовый пакетттер, стакандар, кашыктар ж.б. первичный сырьедон жасалат ошонучун цвети дагы ак болот. Так что эч коркпоздон ичип жей бергиле. Бирок ысыктамак ичуу, ысыкчай ичуу анча жакшы эмес, ысыктан озунор деле байкасанр пластиктин жыты чыга тушот.
+1
№ 513, 31-август-6-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан