КАГАЗДАН ЖАСАЛГАН ШЕДЕВРЛЕР

Азат Шамшиев аттуу жигиттин талантын өзгөчө деп айтууга татыйт. Болгону, кагаз жана кайчынын жардамы менен төмөндө сиз көрүп турган шедеврлерди 15-20 мүнөттүн ичинде жаратат. Маектешип бүткүчө гезитибиздин негиздөөчүсү Кылычбек Султановдун капталынан түшкөн сүрөтүн окшоштуруп кесип, башка да бир топ шедеврлерин жаратып жиберди.

– Азат, бул өнөр сага кимден өттү же окуп үйрөндүңбү?
– Туугандардан искусствого жакын адам деле жок. Эс тартып, 3 жашка чыгып калганда эле колума кайчы, кагаз тийсе ар кандай оюнчуктарды жасап алчу экенмин. Бир жолу кагаз таппай паспортту кескилеп салыптырмын. Апам айтып калат, «ошондон кийин сага атайылап кагаз, кайчы карматып кетчүбүз» деп.

– Ата-энең талантыңды байкап колдоо көрсөттүбү?
– 1-класска чейин «ии, балам таланттуу» дегендери эле болбосо, атайылап көңүл бөлүп, талантымды элге жарыяла­шпаптыр.
Апам балдар үйүндө иштечү. Бир күнү директору менин кагаздан ар кандай нерселерди жасап жатканымды көрүп, апама «балаңдын талантын неге жашырып жүрөсүң? Сынактарга катыштырыш керек» деп айткан экен. Ошондон кийин талантым жарыкка чыга баштады.
Алгач 1-класска киргенде «Жаш таланттар» деген сынакка катышууга бардым. Бирок ал сынакка искусствонун живопись, скульптура сыяктуу жанрларынын алкагында гана кабыл алышат экен. Мага болсо «сеникиндей жанр жок» деп коюшту. Ага болбой эле Алла деген эже бар эле, ошол: «Жаш таланттардын сынагы болгондон кийин бул баланы кабыл алышыбыз керек. Эгер искусствонун мындай түрү жок болсо, кошобуз»,- деп катыштырып койгон. Ошол жылы облустук деңгээлде 1-орунга татыгам.

– Көбүнчө эмнелерди кесесиң?
– Башында кандайдыр бир динге байланышкан нерселерди жасачумун. Өзүм деле билбейм, эмне себептен экенин. Адамды карап туруп эле ар кандай жаныбарларды кесип салчумун. Бир жолу тааныш эже «менин профилимди кесип берчи» деп калды. Кайчыны колума алганда эле мүйүзүнө бешик көтөргөн бугу энени кесип берсем, тиги эже унчукпай чыгып кеткен. Кийин ал апама жолугуп «балаңдын көзү ачыкпы? Кайдан билет, менин жыйырмадан ашып калган оорулуу баламды көтөрүп кыйналып жүргөнүмдү?» деп айтыптыр. Ушул сыяктуу адамдардын жеке жашоосуна тиешелүү шайкеш келүүлөр көп болгон. Кийин бирөөгө жылан кесип берсем, көрсө, ал киши жыландан аябай коркуп, жалгыз жатса эле дубалда жыландар сойлоп жүргөнсүй берчү экен. Мунун динге туура келбегенин айтышканынан азыр андай нерселерди кеспей калдым.

– Талантты өркүндөтүп, ошону менен алектенесиңби же башка кесипке оойсуңбу?
– 6-класста Бишкекке келип Т.Садыков атындагы Көркөм искусство мектебине окууга киргем. Азыр КМКТАУга которулуп, айкелчиликти өздөштүрсөмбү деп жатам. Эсимде, 1-классымда жогоруда айткан сынакка барганда калган катышуучулар бир эле өңүттө чыгармачылыгын көрсөтсө, мен сүрөт тартып, скульптура жасап, анан кагаздан да кесип койгон элем.

– Бул өнөр менен киреше тапса болобу?
– Ооба, тойлордо адамдардын профилин кесип, өзүмө жетерлик акча таап алам.

– Кескен нерсең канчалык кичине болсо, ошончолук машакаттуу экен...
– Чын эле татаал, көзүң талып, колуңа кайчы өтүп кетет. Бирок мыкты чыгышы үчүн кыйынчылыктын баарына кайыл болосуң.

– Маегиңе чоң рахмат.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Калемсиз сүрөтчү - Азат
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
nurbek_posol
2012-09-03 11:07:21
Азаматсын ! чыныгы талант !
+1
Jamal
2012-09-03 18:22:06
азамат бала!!!ийгилик!!!
+1
AFRODITA-89
2012-09-05 01:17:47
ой бул бала менин жердешимго, чынында аябай тан калаарлык таланты бар, биздин уйго келип кыркып берген суроттору сакталып турат. Баатырлардын суротун тарканда биринчи кылычынын учунан баштап, аттын же башка жаныбарлардын суроттун тартса куйругунун учунан баштап кыркканы эсимде. Апасы Мекен эжеке бизге бий сабагын отуп, уйротчу эле. Мекен эжеке, Азат кай жерде болсонуздар да аман болунуздар!!! Кочкор-Ата шаары
+1
Cunade
2012-09-05 16:03:59
Aza krasavchik!!!!gorjus' toboi!! uspehov tebe vo vsem! DACHA rulit)))!!
+1
becks-unique
2012-09-06 00:56:33
красавчик брат ,горжусь тобой!!!)))
0
bredddoff
2012-09-07 02:01:11
Молодец Азат! Онорун оркундой берсин!!!
0
Kidnessmoon
2012-09-25 21:33:03
Азамат соз жок бактылуу ыймандуу бол. Ар дайым жолун ачык болсун!
0
admin_AGAT
2012-10-10 17:32:44
kampotik-91- эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат.
0
sultan.kg
2012-10-18 23:04:01
Баракелде баракелде
0
№ 513, 31-август-6-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан