Өнөр көп адамда болот. Бирок аны ойготуу, пайдалана билүү көпчүлүктүн колунан келе бербейт. Кундуз аттуу бийкеч кум менен айнек бетине сүрөт түшүрүү аркылуу көпчүлүктүн көңүлүн бурдурбай койбойт.
КУМДАН СҮРӨТ ТАРТКАН БИЙКЕЧТИН ААЛАМЫ
Табиятынан талант даарыган адамдарды көрүп, бир чети кубансак, бир чети таң калып келебиз. Кумдагы сүрөт – бүгүн бар да, эртең жок. Анын сулуулугу – бир көз ирмем. Башка сүрөттөрдөн айырмаланып, бир тартылган соң биротоло сакталып калбайт. Бирок бул көз ирмем түбөлүк.Түбөлүктүүлүгүн сүрөтчү адам гана жарата алат.
Кум менен айнек бетине сүрөт тартууну азыркы учурда интернет барактарынан, дүйнө жылдыздарынын клиптеринен гана көрүп жүргөн болсок, мындай искусствону өздөштүргөндөрдүн катарында Кыргызстанда Кундуз Рахманалы кызы бар.
– Кундуз, кумдан сүрөт тартууну кимден үйрөндүң?
– Бала кезимден калем менен кыздардын, гүлдөрдүн сүрөтүн тартып үйрөнсөм, бара-бара жаратылыш, портрет тартып, анан айнек бетине кумдан сүрөт тарта баштадым. Эң алгач мындай сүрөттөрдү видеодон гана көрүп, оңой сезилди. Бирок иш жүзүнө келгенде бир топ кыйынчылыкты жаратпай койгон жок.
– Устатың барбы үйрөткөн?
– Тилекке каршы, «кумду кантип кармоо керек, алаканга кумду көп салып алсаң жакшы тарта албай каласың, аз алып алсаң түс жакшы бере албай каласың...» деп үйрөткөн устатым болбоду. Ошонун баарын үйрөнүш үчүн өзүмө өзүм устат болдум.
– Бул искусствону өздөштүргөнүңө канча болду? Балким, чыгармачылыгыңды клипке же киного тартуу сунуштары түшкөндүр...
– Мен бул искусство тармагына аралашканыма жарым жыл болду. Сунуштар болбой койгон жок. Кайсы бир ырчылар «клибиме тартам, эч жакка айтпа» деп сунушташкан. Бирок мени көпкө кармап, алдап кетишкен. Мен ага сынбайм, тескерисинче, мага шык, дем берди десем болот.
– Кайсы ырчылар болду экен?
– Алардын аттарын деле атагым келген жок. Мени алдаса өздөрүнө. Балким, алардын клибине тартылсам, мени клип аркылуу гана көрүп калышмак. Ошондуктан өзүм чыкканым жакшы деп ойлойм. Келечекте искусствонун ушул тармагы менен дүйнөгө таанылгым келет.
– Ойлогон оюңа жет.
Алмагүл Турдалиева
star@super.kg