«Супер сулуу–2010» сынагынын жеңүүчүсү Бурул Бактыбек кызы турмушка чыгып, азыр бактылуу үй-бүлөнүн очогун тутантууда. Ал эмес жакында уулдуу болуп, бала жытына мас болуп жаткан чагы. Моделдик карьераны жыйыштырып, үй-бүлөнү тандаган Бурулга бакыт каалайбыз!